Жекшембиде парламенттик шайлоодо 5% босого чекти багындырып, бирок мандаттан баш тарткан төрт оппозициялык партиянын өкүлдөрү өлкө боюнча нааразылык акциялары жапырт уланарын билдирди. Алар Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук боюнча жогорку комиссарына кайрылып, Кая Калласты миллиардер Иванишвилиге жана анын жакын чөйрөсүнө санкция салууга үндөдү.
Грузиянын жаңы президенти, 53 жаштагы Михаил Кавелашвилини буга чейин таанымал футболчу эле. Ал спорттук карьерасын 1980-жылдары баштаган. "Владикавказ-Алания" жана "Манчестер-Сити" командаларында ойногон. 1995-жылы Кавелашвили "Спартак-Аланиянын" курамында Орусияда чемпиондукту жеңген.
2016-жылы "Грузин кыялы" партиясынан парламентке шайланып, үч чакырылыштын депутаты болгон.
Грузия оппозициясы оболу президентти тандоодо атаандаштыктын жоктугуна көңүл буруп, буга чейин өлкөдө мындай тажрыйба болбогонун белгилешет. "Эгемен Грузиянын тарыхында деги эле мындай болгон эмес", – дейт 1979-жылы "Грузиянын республикалык партиясын" негиздеген Давид Бердзенишвили.
"Албетте, фарс. Парламенттин легитимдүүлүгүн бир дагы демократиялык өлкө тааныган эмес. Бул абсолюттук бийлик каалаганын кылып жатканынын дагы бир далили" - деген Бердзенишвили мунун баары "Грузин кыялы" партиясынын негиздөөчүсү, миллиардер Иванишвилинин иши экенин кыйытты.
Кавелашвилини куттуктаган мамлекеттер Азербайжан, Армения, Сербия, Венгрия 26-октябрда өткөн талаштуу парламенттик шайлоонун жыйынтыгын да тааныган. Евробиримдиктин жана НАТО өлкөлөрүнүн басымдуу мүчөлөрү Грузиядагы шайлоо бурмаланганын белгилешкен.
Оппозиция Кавелашвилинин эң жогорку кызматка тандалганы грузин бийлигинин жалпы алсыздыгын көрсөтөт деп санайт. Грузиянын улуттук банкынын мурдагы башчысы, экс-депутат Роман Гоциридзе өлкөдө "революциялык" кырдаал жаралганын белгилейт.
"Эл аралык коомчулук тааныбай койгон соң өлкөнүн башкаруу системасында кризис тереңдеп баратат. Жакында Евробиримдик жана АКШ Иванишвилини толук изоляция кылган санкцияларды жарыялаганына күбө болобуз" - деген экс-депутат грузин бийлигинин "кайра парламенттик шайлоону белгилөөдөн башка аргасы жоктугун" айтты.
Саясий олку-солку маалда "өлкөнүн валюталык резерви азая бергендиктен" ларинин да куну түшөрүн экс-банкир эскертет.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Зурабишвили: "Эч кандай" президенттик шайлоо болгон жок
Эл аралык коомчулуктун 26-октябрда өткөн шайлоону тааныбай койгону кызматтагы президент Саломе Зурабишвилинин позициясын бекемдеп жаткандай.
Анын талапкерлигин 2018-жылы "Грузин кыялы" партиясы көрсөтүп, жалпы элдик добуш берүү менен шайланган. 2022-жылы Орусия Украинага согуш ачкандан кийин Зурабишвили бийликтеги партияны Киевге "жетиштүү колдоо көрсөтпөй жатканы үчүн" айыптап, оппозиция тарапка өткөн.
Ишембиде Зурабишвили Грузияда "эч кандай" президенттик шайлоо болгон жок деп билдирди.
Зурабишвили парламент алдына нааразылыкка чыккан элге келгенде "адилеттик жок жерде тынчтык да болбойт" деди. Митингчилер аны "Саломе, Саломе" деп кыйкырып, кол чаап тосуп алышты.
Зурабишвилинин чогулгандарга келип кошулганы Тбилисинин шаар бийлигинин жаңы жылдык балатыны жандыруу планын да бузду. Шаар мэри Каха Каладзе «коопсуздук чараларынан улам майрамдык иш-чара башка күнгө калганын» жарыялады.
Зурабишвили болсо оппозициянын талабы өзгөрбөй турганын кайталап, "БШКнын жаңы курамынын көзөмөлүндө жаңы шайлоо өткөрүү» талабы дагы деле өзгөрбөгөнүн айтты.
Жаңы шайлоо өтмөйүнчө ал президенттиктен кетпей турганын айтып, ишембиде тандалган мамлекет башчынын 29-декабрдагы инагурациясынан кийин дагы өз милдетин аткара берерин айтты.
Жакында эле «Грузин кыялынын» аткаруучу катчысы Мамука Мдинарадзе Зурабишвилинин 29-декабрдан кийин дагы бийлигин сактап калуу аракети "кылмыш экенин" эскерткен.
Оппозициялык лидерлер Зурабишвили менен чогуу акыр аягына чейин күрөшүүгө бел байлап турат. Экс-президент Михаил Саакашвилинин "Улуттук биримдик кыймылынын" лидерлеринин бири Хатия Деканоидзе "бул парламентти, ашынган орусиячыл Кавелашвилинин жаңы президент болуп шайланган легитимдүүлүгүн тааныбайбыз. Башкаруучу режим кетсин, андан соң жаңы президенттик жана парламенттик шайлоо өткөрүп, ал аркылуу демократияга жана евроинтеграцияга жетебиз" деди.
Деканоидзе президент Зурабишвилини "легитимдүү бийликтин жалгыз бутагы" деп атады.
Премьер-министр Ираклий Кобахидзе Зурабишвилини «чет элдик агент» деп сындап, алардын тагдыры "адатта аянычтуу аяктарын" айткан.
"Мына 20 жылдан бери Грузияда мекенчил, психикалык жана психологиялык жактан туруктуу президент болгон жок. Кавелашвилинин шайланганы ошол жосунду жок кылат", - деген Кобахидзе 2004-жылдан берки мурунку президенттер: Михаил Саакашвили, Георгий Маргвелашвили жана Саломе Зурабишвилинин дарегине таш ыргытты.
Ошол эле маалда өкмөт башчы 2030-жылга карай Грузиянын Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алынуусун "стратегиялык максат" деп айтып жүрөт.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.