Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Грузияда тиреш күчөдү, президент Зурабишвили эл менен экенин айтты


Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили нааразылыкка чыккандар менен, 28-ноябрь, 2024-жыл
Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили нааразылыкка чыккандар менен, 28-ноябрь, 2024-жыл

Грузияда борбор калаа Тбилисиде жана башка аймактарда парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары уланууда. Үч күн ичинде 50дөй адам жабыркап, 200гө жакыны кармалды, журналисттер ур-токмокко алынды. ЕБга мүчө өлкөлөр "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрүнө санкция жарыялоодо.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили өкмөттүн Европа Биримдигине мүчөлүк тууралуу сүйлөшүүлөрдү токтотуу планына нааразылыгын билдирип чыккандарды полиция ур-токмокко алып, борбор калаа Тбилисидеги демонстранттарга күч колдонгондон кийинки абалды "козголоң" деп атады.

Литванын тышкы иштер министри Габриэлюс Ландсбергис Грузиядагы башкаруучу партия "Грузин кыялынын" өкүлдөрүнүн бул өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынганын 2-декабрда жарыялады. Ушундай эле санкциялар Латвияда жана Эстонияда кабыл алынды.

2-декабрга караган түнү полиция кызматкерлери “Руставели” метро станциясынын жанында демонстранттарды тынымсыз токмоктогону кабарланды. Төрт миллиондой калкы бар бул өлкөдө толкуундоолор бийлик Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөй турганын жарыялагандан кийин башталган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары билдиргендей, полиция ондогон митингчини камады. Соңку үч күндө камалгандардын саны 200гө жеткени буга чейин маалым болгон.

“Камалган демонстранттардын көбүнүн бети-башы көгала, жаагы сынган, көзүнөн жараат алган, жарааттары ачык. Алар кармоо маалында жана ансыз да киши батпай калган жабык жайларга алып бараткан учурда уруп-сабалган”, - деп жазды президенти Зурабишвили X социалдык түйүнүндө.

Грузиянын Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, негизинен камактагыларга күч органдарынын талаптарына баш ийбөө жана майда бейбаштык беренелери боюнча протоколдор түзүлгөн. Абактагылардын так саны белгисиз. Айрым маалыматтарга караганда алардын бир бөлүгү бошотулуп, дагы бир бөлүгү ооруканада же тергөө абагында камакта.

Грузия. 1-сентябярь, 2024-жыл.
Грузия. 1-сентябярь, 2024-жыл.

1-декабрга караган түнү 50 адам кармалган. Тбилисидеги парламент имаратынын алдына он миңдеген адам үч күндөн бери нааразылык акцияларына чыгып жатат.

"Эхо Кавказа" сайты тараткан сүрөттөрдө Тбилисиде чогулган элдин масштабын көрүүгө болот.

Аталган басылма 1-декабрда Тбилисиде нааразылык акциясына чыккандар парламенттин имаратынын алдына темир тосмолорду орнотконун кабарлаган. Басылманын кабарчысы Хатия Хасаиа демонстранттар парламент имаратынын терезелерин сындырып жатканы тартылган видеону жарыялады. Ошондой эле алар имаратка фейерверк атышкан.

Нааразылыкка чыккандар грузин парламентинин имаратынын алдында бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвилинин сөлөкөтү тартылган сүрөттү өрттөштү. Нааразы болгондор ушундай эле сөлөкөттү Кутаисидеги акцияда дагы өрттөшкөн.

Би-Би-Синин кабарчыларынын баамында, 30-ноябрдын кечинде Руставели проспектисине бери дегенде он миңдеген адам чогулган. Демонстранттардын саны бир күн мурда полиция аларды атайын каражаттар менен кубалагандан да көп экени айтылды.

Бека Берадзе.
Бека Берадзе.

Грузияда болгон соңку окуяларды чагылдырган журналисттер куугунтукталып, ур-токмокко алынганын айтып чыгышты. "Азаттыктын" грузин редакциясынын журналисти Бека Берадзе Тбилисиде грузин парламентинин имаратынын жанында кызматкерлери тарабынан сабалып, камакка алынганы кабарланды. Бул тууралуу анын жактоочусу Жано Чкадуа билдирген.

«Анын «Азаттыктын» журналисти экенин билгенден кийин ого бетер агрессивдүү болуп, сабай башташкан. Алар аны башкалар менен кошо минивэнге салып, бир сааттай сабашкан».

Жактоочунун айтымында, дарыгердин текшерүүсүнөн кийин Берадзе убактылуу кармоочу жайга которулган.

Грузиянын Ички иштер министрлиги демонстранттар полиция кызматкерлерин сөгүп, ар кандай буюмдарды ыргытканын билдирди. Бирок журналисттер тарткан видеолордо полиция митингчилерге күч колдонуп жатканын көрүүгө болот.

Грузия: Евроинтеграцияны жактаган акцияда 100дөн ашуун киши кармалды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:51 0:00

АКШ: Грузия менен стратегиялык өнөктөштүк токтоду

Ал тапта АКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотконун Мамлекеттик департаменттин өкүлү Мэтью Миллер билдирди. Анын айтымында, Вашингтон менен Евробиримдик бийликтеги “Грузин кыялы” партиясынын ЕБге кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү токтоткон чечимине өкүнүүдө.

Мэтью Миллер.
Мэтью Миллер.

““Грузин кыялынын” антидемократиялык аракеттери АКШ менен Грузиянын стратегиялык өнөктөштүгүнүн пайдубалын түзгөн принциптерди бузду. Ал принциптер демократияны, мыйзам үстөмдүгүн, жарандык коомду, адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоо, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери өңдүү орток баалуулуктарга негизделген. Натыйжада Кошмо Штаттар бул механизмди токтото турууну чечти”, - деди Миллер.

Мамдепартаменттин өкүлү “Грузин кыялынын” аракеттерин демократияга каршы деп атады. Миллер ошондой эле бийликтеги партия АКШ менен Грузиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк боюнча негизги принциптерди бузду деп белгиледи.

Ал грузин өкмөтүн евроатлантикалык жолго кайтууга үндөп, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды ачык иликтөөгө, адамдардын пикир айтуу жана чогулуу укуктарын чектеген демократияга каршы мыйзамдарды жокко чыгарууга чакырды.

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили 30-ноябрда “парламент мыйзамдуу шайланып келгенге чейин” өз ордунда кала турганын билдирген.

Саломе Зурабишвили.
Саломе Зурабишвили.

“Легитимдүү парламент жок, ал эми мыйзамсыз келген парламент президентти шайлай албайт”, - деди Зурабишвили. Ал президенттин мандаты “мыйзамдуу шайланып келген парламент жаңы адамды тандаганга чейин уланарын” кошумчалады.

Зурабишвилинин бул билдирүүсүнө 1-декабрда грузин өкмөт башчысы жооп берди. Ираклий Кобахидзе кайра парламенттик шайлоо өткөрбөй турганын, азыркы президент Саломе Зурабишвили президенттик шайлоодон кийин кызматтан кетиши керектигин билдирди.

Ираклий Кобахидзе.
Ираклий Кобахидзе.

«Кечээ 12 министр кызматка дайындалып, 26-октябрдагы парламенттик шайлоонун негизинде өкмөттүн жаңы курамын түзүү аяктады. Эске сала кетейин, 14-декабрда Грузияда президенттик шайлоо өтөт. Андан кийин бардык конституциялык органдар грузин элинин басымдуу бөлүгүнүн тандоосуна жараша түзүлөт»,- деди Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе маалымат жыйында.

Ал АКШнын Грузия менен стратегиялык өнөктөштүктү токтотуу чечимин ал “убактылуу көрүнүш” деп атады.

  • 28-ноябрда кечинде грузин өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөйт деген чечимин жарыялагандан кийин толкундоолор башталган.
  • 29-ноябрда кечинде парламент имаратынын алдына жүздөгөн адамдар чогулган. Полиция аларга каршы суу жана көздөн жаш агызуучу каражат колдонгон. Айрым телеканалардын кызматкерлери сабалганы кабарланды.
  • Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
  • Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токторун жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Шерине

XS
SM
MD
LG