Министрлер кабинетинин 2024-жыл, 4-июлдагы токтомуна ылайык, 2025-жылдын 1-январынан тартып, Кыргызстанда маркаланбаган бензинди жана дизелдик отунду сактоого, сатууга жана ташууга тыюу салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы 12-декабрда билдирди.
Мекеменин эскертүүсүнө ылайык, мунайзаттарды жүгүртүү менен алектенген ишканалар 2024-жылдын 31-декабрына чейин отундун бул түрлөрүнүн калдыктарын маркалоо тийиш.
2024-жылдын 1-октябрынан тартып Кыргызстанда молекулярдык маркерлерди колдонуу менен импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү майды милдеттүү түрдө маркалоо жобосу киргизилген.
Салык кызматы күйүүчү майды маркалоо оператору - "Учкун" басмаканасы менен чогуу жыл аягына чейин 230 миң тонна бензин жана дизелдик отунду маркалоо милдеттендирилген.
Мамлекеттик салык кызматы билдиргендей, маркалоо системасы киргизилгенден кийин ноябрь айында күйүүчү-майлоочу материалдарга акциз салыгынын төлөмдөрүнүн суммасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 59% көбөйүп, 349,5 млн сомду түзгөн.
1-октябрдан тарта Кыргызстанда күйүүчү майды милдеттүү маркалоо ыкмасы киргизилип, ага байланыштуу ар бир литр күйүүчү майга кеминде 37 тыйын кошулган. Ошондой эле кыргыз өкмөтүнүн сунушу менен жаңы жылдан, 1-январдан тарта жолго төлөнүүчү салык (1 сом) да күйүүчү майдын жана газдын баасына кошулат.(ZKo)
Дагы караңыз
Гимнди өзгөртүү боюнча мекемелер аралык комиссияга сегиз депутат кирдиМинистрлик Бишкектеги ышты өлчөгөн жабдуулар туура эмес иштейт деп эсептейтСирия: Асаддын бийлигин кулаткан күчтөргө аралашкан борбор азиялык жоочулар Орус медиалары Курск менен Грозныйда жарылуу болгонун кабарлашуудаОрусияда "мигрант полиция" түзүлдү. Кыргыз милициясы эмне иш кылат?