Путин Жакынкы Чыгыштагы негизги таянычынан ажырадыбы?
Ушул жана башка суроолорго “Биз жана дүйнө” берүүсүндө жооп издедик.
11-декабрдын таңында баш калаа Дамаскта жашоо өз нугуна түшө баштады. Дүкөндөр жана банктар ачылып, көчөлөр тазаланып, куралчан адамдардын саны азайды. Өткөөл өкмөттүн жаңы дайындалган жетекчиси Мухаммед аль-Башир элди тынчтыкка жана сабырдуулукка чакырды.
Ал эми козголоңчу топтордун лидери Абу Мухаммед аль-Жулани кошуна чет өлкөлөрдү тынчытууга аракет кылды.
"Өлкөбүз туруктуулукка карай бет алат. Ансыз да согуштан азап чеккен эл башка өлкөлөр менен куралдуу жаңжалдарга аралашкысы келбейт. Биз бул жерде турганда дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок", - деди Жулани.
Ал арада Ирандын жогорку руханий лидери, аятолла Али Хаменеи Асаддын бийлиги АКШ, Израил жана "Сириянын дагы бир коңшусунун" жардамы менен кулатылганы тууралуу Тегеранда айныксыз далилдер бар экенин айтты. Серепчилердин айтымында, ал "Сириянын дагы бир коңшусу" деп Түркияны кыйыткандай болду.
Вашингтон буга чейин эле Сириядагы режимдин кулашына тиешеси тууралуу маалыматтарды четке каккан. 10-декабрдын кечинде жаңы өткөөл өкмөттүн жана Асаддын өкмөтүнүн мүчөлөрү жыйын куруп, саясий бийликти өткөрүүнү талкуулашты. Маалым болгондой, козголоңчу топтор Аль-Баширге өкмөттү 2025-жылдын мартына чейин башкарып турууну тапшырды.
Асаддын режимин эки жумада кулаткан козголоңчу күчтөр кимдер?
Куралдуу оппозициячыл топтор жана радикал күчтөр Сириянын түндүк-батышындагы өкмөттүк армия көзөмөлдөп турган райондорго кеңири масштабдагы чабуулун 27-ноябрда баштаган. Алар дароо эле 15 айыл-кыштакты өз карамагына алганын жар салышты. Өкмөттүк күчтөр жана анын союздаштары козголоңчулардын турумдарына абадан сокку уруп, аларды токтотконго аракет кылышты. Андан натыйжа чыккан жок. Көп өтпөй козголоңчу күчтөр Алеппону, андан соң Хомс менен Хаманы өз карамагына алышты.
Жакынкы Чыгыш боюнча GIGA институнун эксперти Андре Банк козголоңчу топтордун башында турган "Хаят Тахрир аш-Шам" радикал уюмун мындайча мүнөздөйт:
"Мурда “Жабхат ан-Нусра” деген таанымал уюм 2016-2017-жылдардан бери “Хаят Тахрир аш-Шам” деген ат менен белгилүү. Алар көбүнчө Сириянын аймагына гана көңүл буруп, анын чегинен сырт жактарга көз артпайт. Бул топ шариятка ылайык тартип орноткусу келет. Буга чейин аталган уюм Сириянын түндүк-батышындагы Идлиб аймагын жана ал жактагы 3,5-4 миллиондой калкты көзөмөлдөп турган", - дейт Банк Рейтер агенттигине курган маегинде.
Ал эми экстремисттик уюмдарды изилдеген эксперт Уран Ботобеков козголоңчу күчтөрдүн башында турган дагы бир уюмду белгилейт:
"Сириянын түндүгүндө жашаган арабдар менен түркмөндөрдүн башын бириктирген "Сириянын улуттук армиясы" деген дагы бир чоң уюм бар. Анын артында Түркия турат. Эң негизги ролду ушул уюм менен “Хаят Тахрир аш-Шам” ойноду десек болот. Бир убакта бул эки топ бири-бири менен таасир, чек араларда экономикалык кызыкчылыктарды талашып, каршылашып да келишкен. Бирок ал идеологиялык каршылашуу болгон эмес".
Козголоңчу күчтөрдүн катарындагы борбор азиялык жоочулар
Социалдык тармактарга тараган видеолордон уйгур, өзбек жана башка жоочулар менен катар Башар Асаддын өкмөтүнө каршы согушкан козголоңчу топтордун арасында тажиктер да бар экенин көрүүгө болот. Тасмалардын биринде сүйлөгөн куралчан жоочунун айтымында, Сирияда согушуп жүргөн тажикстандыктардын саны көп. “Эркин Европа/Азаттык” радиосу видео Сириянын аймагында тартылганын аныктады.
“Озоди” радиосу өз булактарына таянып жазгандай, Сирияда согушуп жүргөн тажикстандыктар расмий Дүйшөмбү үчүн баш оору жаратууда. АКШ жана бир катар Батыш өлкөлөрү террордук деп тааныган “Хайят Тахрир аш-Шам” радикал тобунун катарында канча тажикстандык бар экени белгисиз.
Андан тышкары, ошол эле социалдык тармактарда Асадга каршы чабуулдарга катышып жаткан "өзбекстандыктардын отряды" делген видеолор таркап жатат.
"Абу Валид" деген ысым менен социалдык тармактарга видео таркатып жаткан 30 жаштагы Худоер Нуриддиновго Өзбекстандын Ички иштер министрлиги издөө жарыялап, согушту пропагандалаган видеолорун бөлүшпөөгө чакырды.
"2011-2012-жылдары “Ислам мамлекети” террордук тобу көтөрүлүп жаткан маалда Борбор Азиядан көптөгөн өзбектер, кыргыздар, тажиктер, кыргыздар, уйгурлар Сирия менен Иракка агылган. Алардын көбү Түркия аркылуу кирген. Азыр Сирияда 5-6 жихаддык, террордук уюм бар. Алар "Катибат аль-таухид валь-жихад", "Катибат аль-Имам Бухари", "Катибат Гураба аль-Түркстан" деген уюмдар. Ары жактан Кытайдын Шинжаң уйгур автоном аймагынан уйгурлардын "Түркстан ислам партиясы" деген уюму бар. Алар Алеппого, Хомско, Хамага болгон чабуулдарга катышты", - дейт экстремисттик уюмдарды изилдеген кыргызстандык эксперт Уран Ботобеков.
Сөз болуп жаткан уюмдардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу жана алардын саны азырынча белгисиз.
Сириянын кайсы аймагын кайсы топ көзөмөлдөйт?
Жарандык согуш башталгандан бери эле Сириянын ар кайсы аймактарын ар кандай куралдуу топтор же көтөрүлүшчүл күчтөр көзөмөлдөп келди.
Өлкөнүн түндүк-батышы жана борбордук бөлүгү "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобунун карамагында турат. Бул топ 2018-жылдан бери эле Идлиб провинциясын көзөмөлдөп келген. Эки жума мурда алар Алеппону, андан соң Хомс менен Хаманы басып алышкан. Асаддын бийлиги кулатылгандан кийин жоочулар Дамаскка жана Латакия провинциясына киришти. Ал жакта Орусиянын аскердик базалары жайгашкан. Дамаск провинциясына ошондой эле Сирия эркин армиясынын күчтөрү да кирди.
Алар буга чейин Иордания менен чек арадагы аймакты көзөмөлдөп турган. Өлкөнүн түндүгү жана чыгышы күрд күчтөрү басымдуулук кылган Сирия демократиялык күчтөрүнүн карамагында. Асаддын режими кулатылгандан кийин алар Дейр-эз-Зор провинциясын ээлешти. Ал эми Түркияга таянган, өзүлөрүн Сирия улуттук армиясы деп атаган топ 8-декабрдын кечинде Манбиж шаарына кирди.
Хомс менен Дейр-эз-Зордун ортосундагы чөлдүү аймакта “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери жашырынган. Американын авиациясы аларга абадан сокку урууда. Асад качкандан кийин 50 жылдан бери биринчи жолу Израилдин армиясы аннексияланган Голан дөңсөөсүнүн айланасындагы буфердик аймакка киргизилди. 9-декабрда израил аскерлери Кунейтра провинциясына жеткени кабарланды. Израилдин бийлиги муну убактылуу чара деп атады.
Козголоңчулардын лидери Абу Мухаммед аль-Жулани деген ким?
Сириядагы тарыхты өзгөрткөн окуялардын башында турган "Хайят Тахрир аш-Шам" радикал тобун Абу Мухаммед аль-Жулани жетектейт. Аны айрым булактарда “прогрессивдүү жихадчы” деп атап жүрүшөт.
42 жаштагы Абу Мухаммед аль-Жуланинин өз аты Ахмед Хусейн аль-Шараа.
2003-жылы Иракта согуш башталганда Дамасктагы окуусун таштап “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында урушка аралашкан.
Кийин колго түшүп, беш жыл түрмөдө отуруп чыккан.
Сирияда нааразылык акциялары тутанганда "Аль-Каида" террордук тобунун лидери аны мекенине жөнөтүп, ал жакта топтун таасирин күчөтүүнү тапшырат.
2013-жылы Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Жуланини эң кооптуу террорчулардын тизмесине кошуп, ал тууралуу маалымат үчүн 10 миллион доллар акча сайган.
Адегенде “Аль-Каиданын” талаа командирлерине баш ийип жүрүп, кийин өз алдынча “Жабхат ан-Нусра уюмун” түзүп кетет. Кийин бул топ бир нече жолу аталышын өзгөртүп, "Аль-Каидадан" такыр эле оолактаганы кабарланат. Ошентип, ал акыры 2017-жылы Башар Асадга каршы турган оппозициячыл топтор менен бирге "Хайят Тахрир аш-Шам" уюмун негиздейт.
Бир кезде Жулани дагы чалма чалынып, узун сакал коюп жүрчү. Бирок кийин ал жоочулардай образын өзгөртүп, сакал-мурутун кыскартып, костюм-шым кийип, Батыш маалымат каражаттарына маек кура баштаган.
2013-жылы "Аль-Жазира" каналына Жулани Сирияда анын пикири боюнча шарият мыйзамдары орношу керек экенин айткан.
Бирок соңку кездери эксперттер белгилегендей, Жулани жана ал башында турган топ радикал ашынган исламчы деген образдан оолактоонун аракетин көрүүдө. Ошондой өзгөрүүлөргө карабай, анын тобу менен террордук топтордун байланышы жана адам укуктарынын абалы кандай кандай болот деген кооптонуу бар.
"Көп жылдардан бери ушул уюмдарды изилдеп, алардын идеологиясын, алардын ишмердигин иликтеп жүргөн окумуштуу катары айтарым: Жуланини азыр батышта талдоочулар “прогрессивдүү жихадчы” деп аташат. Мунун кандайдыр бир чындыгы бар. Ал шартка жараша өзгөрүп, шартка жараша глобалдык жихаддык чакырыктардан артка кайтып, бир кезде "Аль-Каида" менен, бир кезде ошол эле "Аль-Багдади сыяктуу Ислам мамлекети террордук тобунун жетекчилери менен чогуу башталган жихаддык ишмердигинен баш тартып, глобалдык амбициядан улуттук кызыкчылыктарга кайтып келген улуттук көтөрүлүш кыймылын жетектеген бир лидер катары көрүнүүгө жетише алды. Анын колунда диний азчылыктардын каны жок, алавилердин каны жок, күрддөрдүн каны жок. Ооба, ал бир кезде “Ислам мамлекетинде” да болду, “Аль Каидада” да болду. Бирок ал убакыт менен өзүнүн көз карашын трансформация кылып турган диний бир лидер катары көрсөтө алды", - дейт Уран Ботобеков.
Козголоңчу күчтөрдүн ийгиликке жетишинин себептери
Сириядагы козголоңчу күчтөрдүн чабуулу көптөр үчүн күтүүсүз болду. Андан дагы өкмөттүк армиянын каршылык көрсөтпөй, багынып бериши айрымдарды айран таң калтырды. Аскерлер базаларын жана курал-жабдыгын таштай качып, Асаддын режимин коргоого умтулган жок. Серепчилердин айтымында, аскерлердин маянасы айына 15-17 долларды түзчү. Өлкөдө экономикалык кырдаал да жакшы эмес. Эки жуманын ичинде козголоңчу күчтөрдүн ийгиликке жетишине бул дагы бир фактор болгонун эксперттер белгилешет. Дагы кандай себептер бар?
"Асад соңку жылдар аралыгында мамлекетти адилет башкарып, элдин мүдөөсүн орундаткан жок. Чет өлкөлөрдүн колдоосуна ишенип, өз куралдуу күчтөрүнө көңүл бурган жок. Өлкө белчесинен коррупцияга баткан. Калк коркуп-үркүп жашап келген. Асад эң эле катаал тоталитардык системалардын бирин түптөп койгон. Алтургай жакын эле адамдар биринин үстүнөн бири тоголок арыз жазып, баласы ата-энесине же аялы күйөөсүнө каршы чыккан заман болгон. Мындай коркутуп-үркүтүү күчөп турган маалда эч кандай тилектештик болгон эмес. Армиядагы аскерлер жана аппарат өкүлдөрү ким үчүн, эмне үчүн, кандай идеология үчүн күрөшүп жатканын өздөрү түшүнбөй калышкан. Асад аларга тыңыраак акча да төлөп берчү эмес. Бул жөн гана сырты жылтырак, ичи калтырак армия болгон. Менимче, Асаддын армиясы жок дегенде бир жерде козголоңчулардын чабуулунун мизин кайтарып, убакытты созуп турса, Орусия аз да болсо аскер жибермек. Сириядагы аскердик контингенттин көп бөлүгү Украинага чыгарылып кеткен. Ал эми калган резервдегилер жардамга жетише алган жок", - дейт Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөлөр борборунун эксперти Сергей Данилов.
Ал эми экстремисттик уюмдарды изилдеген кыргызстандык эксперт Уран Ботобековдун пикири мындай:
"Акыркы эки жумадагы чагылгандай тездиктин ийгилиги, менимче, бир канча факторлорго байланышкан. Биринден, албетте, Түркия көмүскө колдоо көрсөттү. Экинчиден, дүйнөдөгү саясий кырдаал да ушуга түрткү болду. Андан тышкары, Орусиянын Сириядагы күчү бир топ эле алсырады. Көп аскерлерин Украинага жөнөткөнгө аргасыз болду. Үчүнчүдөн, эң негизгиси, акыркы бир жыл ичинде болгон Израил менен Иран ортосундагы салгылаш, Израил менен ХАМАСтын ортосундагы тиреш, Израил менен "Хезболланын" ортосундагы кагылышуулар дагы Асадды колдогон шийит топторун кыйла алсыратты".
Асад үй-бүлөсүнүн 50 жылдык эзүүсү
Асад үй-бүлөсү жарым кылымдан ашык убакытка созулган кардуу жана кандуу башкаруусу менен тарыхта калды. Башар Асаддын атасы Хафез Асад Сирияны 1971-жылдан тартып, отуз жылдай башкарган.
1982-жыды Хафез Асад Хама шаарында “Мусулман агайындар” тобуна каршы кеңири масштабдагы операциясын баштап, аскерлер калааны 27 күн камалоого алган. Бул окуялар маалында, ар кандай эсептер боюнча, 20 миңден 40 миңге чейин жайкын тургун өлгөнү кабарланып келет.
Туш келди бомбалоонун жана танк менен аткылоонун айынан кырылгандардын көпчүлүгү бейкүнөө жарандар, анын ичинде балдар жана аялдар болгон. Тирүү калгандар ар кыл зордук-зомбулукка кабылып, айрымдары ың-жыңсыз жоголгон. Бул коога маалында шаарда мал-мүлк да да эсепсиз талоонго туш болгон. Ондогон мечиттер, чиркөөлөр, тарыхый эстеликтер жок кылынган.
Башар Асад бийликке 2000-жылы, атасы Хафез көз жумгандан кийин келген. Кесиби боюнча көз догдур Асад дээрлик 35 жашында бийликке келгенде айрымдар анын саясий тажрыйбасынын жоктугун сындашканы менен, көптөр либералдуу көз караштагы жаңы президент атасындай болбой, өлкөсүн реформалайт деп үмүттөнгөн. Бирок андай болгон жок.
Башар Асад атасындай болуп 2011-жылдагы “Араб жазы” маалындагы элдик толкундоолорду күч менен баскан. 2011-жылкы митингдерди күч менен басуу жарандык согуштун тутанышына алып келди. Мындай жагдай Сирияда экстремисттик күчтөр да баш көтөрүшүнө да себеп болду.
Оппозициячыл күчтөрдүн карамагындагы аймактарды Асаддын өкмөтү аёосуз бомбалап турду. Ал ошондой эле жарандык согуш маалында бир нече жолу химиялык курал колдонгону кабарланып келет. 2013-жылы баш калаа Дамасктын жанында көтөрүлүшчүлөргө каршы нерв системасын шал кылуучу химиялык заттарды колдонуп, андан 250дөй адамдын өмүрү кыйылганы белгилүү болгон. 2017-жылы Идлибде да оппозициячыл күчтөргө химиялык курал менен сокку урулуп, андан жүздөй адам өлгөн.
Далай далилдерге карабастан, Асаддын бийлиги химиялык курал колдонгонун танып жатты.
Асаддын армиясы ошондой эле мектептерди жана ооруканаларды бутага алып, туш келди бомба ыргытып турганын укук коргоо уюмдары билдирип, айыптап келишет. Анын бийлиги ошондой эле адамдарды жапырт дарга асканы үчүн да айыпталып жүрөт. Эл аралык мунапыс уюму билдиргендей, 2011-2015-жылдар аралыгында Сирияда 13 миңдей адам өлүм жазасына тартылган.
Укук коргоочулардын маалыматына караганда, он жылга созулган согушта жарым миллиондой киши набыт болду. Жети миллиондон киши өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болду. Жарандык согушта Башар Асад Орусия жана Ирандын жардамы менен бийлигин сактап турду.
Сырткы күчтөрдүн ролу
Орусия менен Иран демекчи, Сирия сырткы күчтөрдүн кызыкчылыктары кесилишкен өлкөгө айланганы белгилүү. Бир жагынан Орусия, Иран, Түркия, АКШ. Эми булардын мындан аркы ролу кандай болот? Далай укук бузууларга карабастан, Башар Асадды колдоп келген орус президенти Владимир Путин эмне кыла алат? Орусиялык чыгыш таануучу Руслан Сулеймановдун эсебинде, Путиндин аброю кыйла төмөндөй түштү:
"Путин жеңилип, анын аброю Жакынкы Чыгыштын элинин алдында төмөндөй түштү. Ошентсе да ал аны жогорулатканга аракет кылууда. Көптөр, анын ичинен арабдар дагы "ал НАТОго каршы согуш жүргүзүүдө" деп актаганга аракет кылып жатышат. Жакынкы Чыгыштагылар орус-украин согушу, украин карапайым тургундарынын бомбаланып жатышы тууралуу дээрлик беймаалым. Алар болгону Путин НАТО менен согушуп жатат деп ойлошот жана ушундай кабыл алышат".
Ал эми Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөлөр борборунун эксперти Сергей Даниловдун пикиринде, Башар Асаддын режиминин кулашынын кедергиси биринчи кезекте Иранга тиет.
"Сириядагы кырдаал Ирандагы элитанын ичинде талаш-тартыш жаратып, жаңы элдик толкундоолорду тутантышы мүмкүн. Ал эми Орусия үчүн бул Жакынкы Чыгышта беделин жоготуу дегенди билдирет. Сирияга коңшу мамлекеттерге болгон таасиринен айрылуу дегенди билдирет. Анын үстүнө Жулани Иранга абдан каршы маанайда. Ал эми Израил Жулани Сириянын аймагын толугу менен өзү башкара албайт, ар кандай террордук топтор, өз алдынча кыймылдар Голан дөңсөөлөрү тарапта Израилге коркунуч жаратат деп кооптонуп турат",-дейт Данилов.
Сирияны жакынкы келечекте эмне күтөт?
Айрым серепчилер Сириядагы оппозициялык күчтөрдүн ортосунда мунасага жетишүү оор болорун айтышса, башкалары “Хайат Тахрир аш-Шамды” “Талибандын” толеранттуу версиясы катары карап жатат. Сирияны жакынкы келечекте эмне күтөт? Козголоңчу күчтөрдүн ортосундагы жаңы талаш аренасына айланбайбы? Сирия бирдиктүү мамлекет бойдон калабы же бир нече бөлүккө чачырап кетиши мүмкүнбү?
"Козголоңчулардын арасында бийликти ким алары түшүнүксүз болуп турат. Бул биринчиден. Алардын ортосунда жипке тизгендей болбойт. Жаңы мамлекетти ким түзөт, Түркия артында турган күчтөрбү же Жуланини ээрчиген топторбу – алардын арасында катуу атаандашуу болору күтүлөт. Эгер "Хаят Тахрир аш Шамдын" лидери жеңе турган болсо, ал "Талибандын" толеранттуураак версиясына окшош. Бул жаңы жихадчы. Жаңы муунагы салафиттер өз өлкөсүнө байырлайт. Алардын чек арадан ары өтүп, коңшуларга коркунуч жаратайын деген ою жок. Жулани талибдерге караганда татаал жагдайда бийликке келип жатат. Ал өзү эл алдына чыгып, көптүн назарында болууну жактырат. Чет элдик басылмаларга маек бергенден кийин жүзүн нур чайып, өзүнө өзү ыраазы экени билинип турат. Жулани мындай учурдан пайдаланып, жихадчылык өтмүшүн жууганга аракеттенет. Ал өтө кыраакы, митайым. Андыктан сыртынан караганда, өлкөдөгү улуттук жана диний азчылыктарды сыйлаган сыяктуу авторитардык бийлик түзөт. Албетте, ал система демократиялуу болбойт, бирок Асаддын бийлигине караганда кандай болсо да жумшагырак болот", - дейт Жакынкы Чыгыш боюнча изилдөөлөр борборунун эксперти Сергей Данилов.
Ал эми “Новая газета Европа” агенттигинин редактору Кирил Мартыновдун пикиринде, азыр Сириядагы бийликке ким келери түшүнүксүз.
"Асаддын режими байистүү болгонуна карабастан, ал дүйнөдөгү эң кандуу жана коркунучтуу режимдердин бири болчу. Жүз миңдеген сириялыктар жөн жеринен ар кай жерде качкын болуп жүргөн жок да. Эми азыр алардын үйлөрүндө майрам. Анткени алар жок дегенде бийликте түбөлүк турууну убада кылган Асаддын режиминен арылышты. Бул деген Сирияны алдыда укмуш демократиялык келечек күтөт дегенди туюнтпаса да, Сирия калкына андай келечек үчүн жок дегенде күрөшүүгө мүмкүнчүлүк пайда болгонун билдирет", - дейт Кирил Мартынов.
Шерине