Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:42

Орус медиалары Курск менен Грозныйда жарылуу болгонун кабарлашууда


Курс. Архивдик сүрөт.
Курс. Архивдик сүрөт.

12-декабрга караган түнү Курск шаарында жарылуунун үнү угулду. Бул тууралуу жергиликтүү медиалар жана телеграм-каналдар билдиришти.

«Аба мейкиндигин коргоо системасы иштеди. Жабыркагандар же курмандыктар тууралуу маалымат азырынча жок», – деп жазат жергиликтүү Mordov Media порталы.

Маалыматтарга ылайык, бул аймакта учкучсуз учуучу аппараттардын чабуулунунун коркунучу тууралуу эскертилген.

Мындан тышкары, орус телеграм-каналдары бейшембиге караган түнү Чеченстандын борбору Грозный шаарында да жарылуу болгонун билдиришүүдө. Болжол менен абадан коргонуу системасы дронду атып түшүргөн.

Оппозициялык чечен каналдары чабуул «2-полкко» жасалганын билдиришти. Бул Ахмат Кадыров атындагы атайын полициянын полку болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылууда.

Эки аймактагы жергиликтүү бийлик жана мамлекеттик медиалар бул билдирүүлөр боюнча азырынча комментарий беришкен жок. Ошондой эле украин командачылыгы да бул тууралуу билдирүү жасаган эмес.

Шерине

XS
SM
MD
LG