"Евробиримдик - Кыргызстан алакасынын өзөгүн адам укуктары түзөт"

Тери Хакала

Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала Бишкекке келип, кыргыз бийлиги менен жолугушууларды өткөрдү. Анда Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланды.

Хакала Бишкекке келген сапарынын алкагында "Азаттыкка" маек куруп, Кыргызстан менен Еврошаркеттин кызматташтыгы, адам укугу, жашыл экономика жана климаттын өзгөрүшү, Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга салган санкцияларына байланыштуу Борбор Азия мамлекеттерине артылган жоопкерчилик тууралуу ой бөлүштү.

- Хакала айым, саламатсызбы! Кыргызстанга кош келдиңиз! Бул жолку сапарыңыздын башкы максаты эмне болууда?

- Мени чакырганыңыз үчүн чоң рахмат. Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү катары миссиямды аяктап жатам. Үч жарым жыл бою Борбор Азия региону менен абдан жигердүү иштегенден кийин, Кыргызстан менен коштошууга келдим. Бул кызматтагы акыркы сапарым.

- Кыргызстанда соңку учурда адам укугу, сөз эркиндигине байланыштуу бир катар көйгөйлөр болуп, активисттер, журналисттер соттолду. “Чет өлкөлүк өкүл” сыяктуу мыйзамдар кабыл алынды, сөз эркиндигин чектейт деген дагы бир катар кооптуу демилгелер болууда. Мындай шартта Европа Биримдигинин чочулоосун билдиргенин билебиз. Кыргыз бийлигинин соңку аракеттерин сиздер кандай баалап жатасыздар? Кыргыз бийлиги менен жолугушуу учурунда бул маселелер тууралуу сөз болобу?

- Мен Евробиримдиктеги кесиптештеримдей эле бул суроолорду ар дайым көтөрөм. Европа Биримдигинин баалуулуктары мыйзам үстөмдүгүнө жана адам укуктарына негизделет. Бизде кыргыз өкмөтү, бийлиги менен туруктуу диалог бар жана бул биздин эки тараптуу өнөктөштүктүн маанилүү бөлүгү. Биздин адам укуктары боюнча диалогубуз бар, бул боюнча Кыргызстан менен сүйлөшүүнүн соңку айлампасы он күн мурун Бишкекте өттү. Биздин адам укуктары боюнча атайын өкүлүбүз бар, ал мени менен Кыргызстанга келген. Бул маселелер эки тараптуу кызматташтык боюнча биздин түзүмдөрдүн ичинде ар дайым талкууланып турат.

Дагы караңыз "ЕБ соодага гана эмес, адам укуктарына да көңүл бурат"

- Кээ бир талдоочулар Еврошаркеттин региондогу геосаясий кызыкчылыктары өзгөргөн маалда адам укуктары жана негизги эркиндиктер маселеси көз жаздымда калууда деп эсептешет. Сиз ушул ойго кандай жооп берет элеңиз?

- Мен буга макул эмесмин. Борбор Азияда кооптондурган маселелер көп экенин түшүнөм. Бирок, жогоруда айтып өткөндөй, биз Кыргызстандын өкмөтү, ошондой эле Борбор Азиянын башка өкмөттөрү менен туруктуу диалогубузду жүргүзүп жатабыз. Демек, биз сөзсүз түрдө адам укуктары маселесин көтөрүп жатабыз. Бул биздин жалпы баалуулуктарга негизделген системабыздын бир бөлүгү, бул биз үчүн абдан маанилүү. Кыргызстан биздин эки тараптуу келишимдерибизде, ошондой эле ВСП+ тутумунун алкагында милдеттенмелерди алганын айтып коюшум керек. Бул ушул маселелер ар дайым күн тартибинде туруп, талкууланып турушу керек дегенди билдирет. Андыктан мен мындай пикирге макул эмесмин. Албетте, башка маселелер бар жана биздин кызматташтыгыбыз чындыгында кеңейип, чыңдалып жатат, биз күн тартиптеги көптөгөн маселелер тууралуу айтып жатабыз. Бул мамилелердин өзөгүн адам укуктары түзөт.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

"ЕБ Кыргызстан менен алакада адам укугуна өзгөчө маани берет"

- Жакында ЕБдин атайын миссиясы келип ВСП+ жеңилдиктер программасынын аткарылышы жана келечеги тууралуу кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Ал кандай жыйынтыкталды жана бул программаны узартууда кандай шарттар эске алынат?

- Ооба. Бул миссия он күн мурун аяктаган. Мындай баа берүү миссиялары ВСП+ системасы бар өлкөлөрдө эки жылда бир болуп турат. Анын алкагында бардык маселелер талкууланды. Кыргызстандын өкмөтүнө бир топ сунуштар берилип, баалоо миссиясы иш жүзүндө отчет жазып жатат, ал келерки жылы чыгат. Бирок 2023-жылдын отчетунда, чынында, жарандык коом үчүн мейкиндик чектелип, медиа эркиндигине кысым бар экени байкалган, андыктан Кыргызстандын өкмөтү өзүнө алган милдеттенмелерди аткарат деп күтөбүз.

Дагы караңыз "Валдай" клубу: Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрүнө эскертүүсү

- Орусия Украинага кол салгандан тарта Европа Биримдигинин Москвага cалган санкцияларын буйтап өтүүгө аракет кылып, бул багытта Борбор Азиядагы өлкөлөрдөгү айрым компаниялар да аралашып жатканы белгилүү болгон. Санкциядан айланып өтүү аракеттерин жөнгө салуу үчүн ЕБдин атайын өкүлү Борбор Азияга бир нече жолу келип, чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул жаатта иштер илгерилеп жатабы?

- Биринчиден, санкциялар биз согушту токтоткубуз келгендиктен коюлуп турат. Согуш эки жылдан ашык убакыттан бери уланып жаткан азыркы кырдаалда биз Орусиянын согушту улантуусуна, анын коргонуу жана өнөр жайы үчүн жабдууларды алууга жана технологияларды колдонуусуна бөгөт коюуга аракет кылабыз. Бизде, сиз белгилегендей, санкциялар боюнча атайын чабарман Дэвид О'Салливан бар. Биз кыргыз өкмөтү жана башка өкмөттөр менен үзгүлтүксүз диалог жүргүзүп келдик, товарлардын тизмектелген системасын, согуш талаасындагы продукциялардын тизмесин түзүүгө аракет кылып жатабыз. Тилекке каршы, бардык эле согуш талаасындагы продукциялар кыргыз өкмөтүнүн тизмесинде жок, бирок биз бул жаатта иштеп жатабыз. Биз үчүн бул продукциялардын Орусияга киришине жол бербөө жана согушту токтотуу абдан маанилүү. Кыргыз өкмөтү менен кызматтышуубузду жогору баалайбыз жана ыраазыбыз.

- Кыргыз президенти климаттын өзгөрүү шартында тоолуу өлкөлөрдүн экологиясы менен экономикасына көнүл бурууга чакырып, тышкы карызды жашыл долбоорлорго алмаштырып, кечүү демилгесин көтөрүп жатат. Европа Биримдиги бул багытта кандай долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар?

- Адегенде Кыргызстандын президентинин климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу боюнча демилгесин жана тоолуу аймактар боюнча жакшы сунушун абдан жогору баалай турганыбызды айта кетейин. Бул маселелердин баары Бакуда COP29да да талкууланды. Климаттын өзгөрүшүн жумшартуу боюнча биргелешип иштешибиз абдан маанилүү. Бизде Борбордук Азиядагы суу, энергетика жана климаттын өзгөрүшү боюнча Европа командасынын долбоору бар, анткени климаттын өзгөрүшү Борбор Азияга абдан катуу таасир этип жатат. Мөңгүлөрдүн эриши - бул факт. Президенттин сунушуна келсек, Евробиримдик бул сунушту изилдеп жатат; бул абдан кызык демилге, бирок биз бардык сунуштарды карап чыгышыбыз керек.

- Кыргызстандын экономикасы үчүн четте эмгектенген мигранттардын салымы чоң. Соңку учурда Орусиядагы кырдаалдан улам кыргызстандыктар мекенине кайтууга же башка өлкөлөргө өтүүгө аргасыз болуп жатат. Акыркы учурда кыргызстандыктар иштөө үчүн барган өлкөлөрдүн катарында Германия, Италия сыяктуу ЕБ мүчөлөрү да бар. Жакында Өзбекстан Германия менен миграция тууралуу узак мөөнөттүк макулдашууга жетишти. Кыргызстандын жарандарына дагы Еврошаркеттин өлкөлөрү менен ушундай макулдашууга жетүүгө биримдик канчалык кызыкдар?

- Ооба, биринчиден, Евробиримдикте эмгек мигранттарынын абалына жана Кыргызстандан жана борбор азиялык мигранттардын Орусиядагы иштеген шарттарына өкүнүч менен карайбыз. Биз эмне болуп жатканын көрүп турабыз. Сиз айтып өткөн Германия жана Италия сыяктуу бир катар Европа өлкөлөрү кыргыз жарандарын кабыл алып, виза берип, иштөөгө уруксат берип жатышат. Менин билишимче, дагы бир нече өлкө бул жөнүндө ойлонуп жатышат. Бирок бул толугу менен уюмга мүчө мамлекеттердин жеке өзүнө байланыштуу, Евробиримдик бул маселелерди талкуулабайт, бардык мүчө мамлекеттер өз алдынча чечим кабыл ала алышат. Борбордук Азияда бизнеси, экономикалык кызыкчылыгы көбүрөөк болгон мамлекеттер буга даяр болуп, Кыргызстандан жана башка Борбор Азиядан келген эмгек мигранттарын өз өлкөлөрүнө кабыл алуу саясатын активдүү жүргүзүп жатышат.

Дагы караңыз Борбор Азияга кызыккан державалар жана Москванын кызганычы

- Миссияңыз жыйынтыкталып жатканын айттыңыз. Соңку кызматташтыкка карап, Евробиримдик менен Кыргызстандын жана Борбор Азиянын алдыда күтүлгөн алакасы кандай уланышы жана кайсы тармактарды камтышы мүмкүн экенин айта аласызбы?

- Менин оюмча, алдыда абдан жакшы мүмкүнчүлүктөр турат. Биринчиден, бул өтө коогалаңдуу дүйнөдө жана өзгөрүп жаткан геосаясий чөйрөдө биз Борбордук Азия мамлекеттери менен Евробиримдиктин кызматташтыгын эң жогорку деңгээлге көтөрдүк деп айткым келет. Мына, Кыргызстанда өткөн жылы Чолпон-Атада жогорку деңгээлдеги жолугушуу болуп, Кыргызстан менен дагы жаңы келишимдерди түздүк. Мисалы, Өркүндөтүлгөн өнөктөштүк жана кызматташтык келишимине кол коюлду. Менин айтарым, Европа Биримдиги менен Борбордук Азия активдүү биргелешип иштеп жаткандыгы - азыркы анык чындык. Биз байланышты, коопсуздук тармагындагы кызматташтыкты, жашыл экономиканы, климаттын өзгөрүшүн жана экономикалык кызматташтыкты өнүктүрөбүз. Ошондуктан перспектива абдан позитивдүү, алдыда жасала турган иштер көп, бирок биз эки тараптан тең максаттарга жетүү жана милдеттенмелерди орундатуу үчүн талыкпай иштеп жатабыз.

- Маегиңизге рахмат.