Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев 3-декабрда Балыкчы шаардык сотунун кызматкерлери менен жолугушууда мыйзамсыз иштеген судьяларды кызматтан кетүүгө чакырды.
Жогорку соттун басма сөз кызматы жарыялаган видеодо Медербек Сатыев Кыргызстанда сот бийлигине элдин ишеними аз экенин айтып, судьяларды чечимдерди мыйзамдын чегинде чыгарууга чакырганын көрүүгө болот.
“Сот системасы мындан ары эл, мамлекет үчүн иштейт. Мындан башка талап болбойт. Силер эски нуктагы көз карашыңарды токтоткула. Сотко келип байып кетем деген ой болбосун. Адилеттикти сактайбыз дегендер иштегиле. Өзүңөргө алыңар жетпейби, колуңар туткак болсо урук-тууган, бала-чакаңарды ызылдатпай арызыңарды жазып, жумуштан кеткиле”, - деди ал.
Акыркы эки жылдын ичинде бир катар судьялар пара алууга жана коррупцияга шек саналып кармалган. Алардын айрымдары соттун чечими менен айып пул төлөөгө милдеттендирилип, камактан чыгарылса, кээ бирлери акталган.
Жогорку соттун судьясы Кыдык Жунушпаев Жогорку Кеңештин 15-майдагы отурумунда 2023-жылы судьяларга каршы 760 арыз түшүп, анын негизинде 35 судья тартиптик жазага тартылып, дагы сегиз судья ар кандай жагдайда кызматтан кеткенин айткан. (BTo)
Дагы караңыз
УКМК Бишкектеги салык кызматынын жетекчилерин кармаганы кабарлануудаТүштүк Кореянын президенти өлкөдө аскердик абал жарыялады, парламент аны жокко чыгардыГүлнара Каримованын иши боюнча швейцариялык банкка айып тагылдыКазакстан: 12 жашка чейинки балдарды үйдө жалгыз калтырууга тыюу салуу сунушталды ТИМ Түштүк Кореядагы кыргызстандыктарды сак болууга чакырдыГрузияда Конституциялык сот президенттин парламенттик шайлоо жыйынтыгын тааныбоо тууралуу арызын четке кактыТүштүк Корея жана АКШ өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырды Майлуу-Сууда кызын уруп, видеого тарткан жаран камакка алынды