Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:05

Түштүк Корея жана АКШ өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге калтырды


Сеул, Түштүк Корея. 3-декабрь, 2024-жыл
Сеул, Түштүк Корея. 3-декабрь, 2024-жыл

Түштүк Корея жана АКШ ушул аптада Вашингтондо өтө турган өзөктүк маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу "Ёнхап" агенттиги Американын Коргоо министрлигинин өкүлүнө шилтеме кылып жазды.

Пентагондун өкүлү билдиргендей, NCG (Өзөктүк маселелер боюнча консультативдик топ) жана NCG-Top Exercise машыгуулары кийинкиге жылдырылды, бул боюнча кошумча маалымат кийинчерээк берилет.

"Ёнхап" маалымдагандай, шаршемби күнү Вашингтондо өзөктүк маселелер боюнча консультативдик топтун төртүнчү жыйыны өтмөк.

Жыйынга Түштүк Кореянын Коргоо министрлигинин коргонуу саясаты башкармалыгынын башчысы Чо Чхан Нэ жана АКШ тараптан Коргоо министрлигинин экономикалык маселелер боюнча жардамчысынын орун басары Кара Эберкромби катышмак.

Сүйлөшүүлөрдү жылдыруунун себептери азырынча ачыктала элек.

3-декабрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль өлкөдө аскердик абал жарыялаган. Бул кадам оппозициядагы ири Демократиялык партиянын өкмөттөгү негизги министрлерге импичмент жарыялоо аракетинен кийин кабыл кабыл алынды. Телекайрылуусунда Юн оппозиция өкмөттүн жана сот системасынын ишине тоскоолдук жаратканын айтты. Президенттин сөзүнө караганда, аскердик абал өлкөдө конституциялык тартипти сактоого жардам берет. Ал демократиялык партиянын мүчөлөрүн "мыйзамдуу диктатура үчүн" айыптады.

Бир нече сааттан кийин Түштүк Кореянын парламенти президенттин жарлыгын жокко чыгаруу үчүн добуш берди. Бул үчүн 190 депутаттын бири калбай добуш берди.

Шерине

XS
SM
MD
LG