Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:40

УКМК Бишкектеги салык кызматынын жетекчилерин кармаганы кабарланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) кызматкерлери 3-декабрдын кечинде Бишкектин Биринчи май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук салык башкармалыктарында тинтүү жүргүзүп, жыйынтыгында жетекчилерин баш кылып, 30 чакты кызматкерди кармап кеткенин маалымат каражаттары жазышты.

Ага ылайык, бир нече сааттык сурактан соң, шаардагы үч райондук салык кызматынын башчылары камакка алынган.

ЖМКлардын маалыматында, салык башкармалыктары коррупцияга шектелип тинтүүгө алынган.

Мамлекеттик салык кызматы бул окуя тууралуу комментарий бере албасын "Азаттыкка" билдирди.

УКМК Мамлекеттик салык кызматынын Бишкектеги башкармалыктарында жүргүзгөн иш-чаралары тууралуу маалымат бере элек.

Коопсуздук кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекеттик бюджетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирген.

Салык кызматы акыркы үч жылда салыктык жыйымдар жыл сайын 30-50 млрд сомго көбөйүп жатканын кабарлаган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG