Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:42

Майлуу-Сууда кызын уруп, видеого тарткан жаран камакка алынды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

3-декабрда социалдык тармактарга секелек кызын уруп жаткан кишинин видеосу жарыяланган. Ички иштер министрлиги 3-декабрдын кечинде тараткан маалыматта кызын сабаган киши кармалганын билдирди.

Маалыматка караганда, Майлуу-Суу шаардык ички иштер башкармалыгына Ноокен районунун 1988-жылы туулган О.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.

Ал арызында күйөөсү улуу кызы менен себепсиз кууп чыкканын, үйдө дагы бир уулу менен кичүү кызы калганын жазган. Ошол учурда күйөөсү 2019-жылкы кызын уруп, видеого тартып аялына жөнөтүп, “келбесең, жаман болот” деп коркуткан. Факты боюнча 27-ноябрда тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

1983-жылы туулган К.Т. аттуу жаран Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүнө жеткирилип, учурда камакта.

Ошондой эле министрлик тараткан маалыматта жабыркаган эне менен балдарга соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Ушул эле күнү Башкы прокуратура Сузак районунун Октябрь айылындагы “Кенжетай” бакчасынын кызматкери балдарды сабаган окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Бала бакчанын кызматкерлери балдарга ырайымсыз мамиле жасап, ата-энелердин бир нече жолку кайрылуусун четке кагып келгени аныкталды.

Окуянын видеосу интернетке 2-декабрда тараган. Андан бакчанын кенже тобунда тамак жебей ыйлап жаткан балага аял кол көтөрүп, жаакка чапканын көрүүгө болот.

Дагы бир тасмада ошол эле аял башка баланы далыга чапкылап жатканы тартылган. Видеону интернетке тараткан адам балдардын жеген тамагынын сүрөтүн да жарыялаган. Анда тамак-аштын сапатынын начардыгы, бала бакча санитардык талапка жооп бербей турганы айтылат.

Шерине

XS
SM
MD
LG