Кемин районундагы Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна 29-ноябрда чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп аткан тургунду издөө ишине кошумча күч тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлигинин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлап, кошумча 10 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 25 адам тартылганын маалымдады. Издөө иштерине ӨКМ жана милиция кызматкерлери менен бирге жалпы 46 адам катышууда.
43 жаштагы Ш.М. аттуу жаран 29-ноябрда Жалгыз-Тал жайлоосундагы сарайда жашаган досуна учурашканы барып, үйүнө келген эмес, минип жүргөн аты кайтып келген.
Жарандын жоголгону тууралуу маалымат 102 кызматына 1-декабрда түшкөн, милиция ӨКМ кызматкерлерние 2-декабрда кабар берген.
Жумгал районунда 16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну уулу менен чогуу мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголуп, издөө иштери бир айга чукул жүргөн. Жыйынтыгында атасынын сөөгү 14-ноябрда табылган, баласы табыла элек. (ZKo)
Дагы караңыз
Москвага жакын партиянын чечими Грузияны толкутту Германиянын канцлери Шольц Киевге барып, жаңы курал-жабдык убада кылдыГазада ЦАХАЛдын соккуларынан 15тей киши мерт болгону кабарланды Кыргызстандын Адвокатурасы Матцаковдун иши боюнча баш прокурорго кайрылдыОпумбаев Кой-Таш операциясы боюнча Жээнбековдун кабары болгонун айттыГрузияда нааразылык акциялардын төртүнчү түнү уруп-сабоолор менен коштолду