Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:53

Грузияда нааразылык акциялардын төртүнчү түнү уруп-сабоолор менен коштолду


Нааразылык акциясына чыккандар полицияга каршы фейерверктерди колдонушту. 2-декабрь, 2024-жыл.
Нааразылык акциясына чыккандар полицияга каршы фейерверктерди колдонушту. 2-декабрь, 2024-жыл.

Грузиянын полициясы 2-декабрга караган түнү нааразылык акцияларга чыккандарды уруп-сабап, күч менен таркатты. Беткапчан полиция кызматкерлери “Руставели” метро станциясынын жанында демонстранттарды тынымсыз токмоктогону кабарланды. Төрт миллиондой калкы бар бул өлкөдө толкуундоолор бийлик Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөр 2028-жылдын аягына чейин жүрбөй турганын жарыялагандан кийин башталган.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун кабарчылары билдиргендей, полиция ондогон митингчилерди камады. Соңку үч күндө камалгандардын саны 200гө жеткени буга чейин маалым болгон. 2-декабрга караган түнү канча адам кармалганы белгисиз.

“Камалган демонстранттардын көбүнүн бети-башы көгала, жаагы сынган, көздөрүнөн жараат алган, жарааттары ачык. Алар кармоо маалында жана ансыз да киши батпай калган жабык жайларга алып бараткан учурда уруп-сабалган”, - деп жазды Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили X социалдык түйүнүндө.

Дүйшөмбүгө караган түнү камалгандардын арасында оппозициячыл партиялардын биринин жетекчиси Гирчи Жапаридзе да бар.

Өкмөт башчы Ираклий Кобахидзе Зурабишвили ушул айдын соңунда мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматтан кетиш керек экенин билдирди. Президент “парламент мыйзамдуу шайланып келгенге чейин” өз ордунда кала турганын айткан.

Зурабишвили жана оппозиция жаңы парламентти тануудан баш тартууда. Октябрь айынын башында шайланган депутаттар президенттик шайлоону 14-декабрга белгилөөгө үлгүрүшкөн.

  • Еврошаркетке кошулууга умтулуп жаткан Грузия былтыр талапкер деген макам алган. Бирок бийликтеги партия сүрөгөн Орусиянын үлгүсүндөгү “чет өлкөлүк таасир” тууралуу жана ЛГБТ жамаатын бутага алган мыйзамдар бул багыттагы аракеттерге залакасын тийгизди.
  • Июлда АКШ Грузия демократия жолунан тайганын айтып, Тбилиси өкмөтүнө бериле турган 95 миллион доллар жардам убактылуу токтой турганын жарыялаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG