Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Кыргызстандын Адвокатурасы Матцаковдун иши боюнча баш прокурорго кайрылды


Самат Матцаков. 29-ноябрь, 2024.
Самат Матцаков. 29-ноябрь, 2024.

Кыргызстандын адвокатурасы адвокат Самат Матцактовдун “алдамчылыкка” шектелип кармалышына тынчсыздануусун билдирип, баш прокурор Максат Асаналиевге кайрылуу жолдоду. Мекеменин 2-декабрдагы катында бул көрүнүш адвокаттык кесиптин көз карандысыздыгына жана мыйзамда, эл аралык стандарттарда каралган кепилдиктерге каршы келери белгиленген. Адвокаттардын кесиптик себептер менен куугунтукталышы сот системасына ишенимди кетирип, жарандардын укуктарын буза турганы жазылган.

Адвокаттар кеңеши Матцаковго кылмыш иши козголгону, камакка алынганы же ага айып коюлганы боюнча расмий билдирүү албаганын билдирди. Адвокатка кылмыш иши козголгон учурда бул маалымат Адвокатурага жана Юстиция министрлигине токтоосуз берилиши керектиги жазылган.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 23-беренесине ылайык, ар бир жаранга анын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо кепилденет. Адвокаттар өздөрүнүн кесиптик милдеттерин аткарууда куугунтуктан, коркутуудан же алардын ишине негизсиз кийлигишүүдөн корголушу керек. Мындан тышкары, БУУнун Кылмыштуулуктун алдын алуу жана укук бузуучуларга мамиле кылуу боюнча сегизинчи конгресси тарабынан кабыл алынган адвокаттардын ролу боюнча Негизги Принциптерде (Гавана, 1990) адвокаттар өз кардарлары менен же алар карап жаткан иштер менен таанылбашы керектиги так жазылган”, - деп белгиленген билдирүүдө.

Мыйзамга ылайык, адвокаттык ишке кийлигишүүгө, же болбосо бул ишке тоскоолдук кылууга тыюу салынганы, буга жол берген же адвокаттын ишине тоскоолдук жараткан адамдарга жоопкерчилик каралганы белгиленген.

Мекеме катында адвокаттын турак жайына же иш бөлмөсүнө, унаасына кирүү жана тинтүү жана каражаттарын алып коюу, тыңшоо, кармоо иштери соттун актысы боюнча гана жүргүзүлөрүн тактаган.

Адвокатура тиешелүү органдарды Матцаковдун ишинде процесстик нормалардын сакталышын карап, ага кысым көрсөтүүгө жол бербешин, тергөөнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун карап чыгып, жактоочунун кесиптик ишмердигине байланыштуу материалдарынын алынышын текшерип чыгууга чакырган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун жана үч жылга кесилген Аскат Жетигендин адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту анын бөгөт чарасын 30-ноябрга караган түнү карап, Матцаковду 30-декабрга чейин камакта калтырган. Ал Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) Тергөө абагында кармалат. Адвокатка Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") жана 379-беренеси ("Документтердин жасалмасын жасоо") менен иш козголгону сотто маалым болгон.

"Сот чечими мыйзамсыз". Адвокат Матцаковдун кармалышы
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:39 0:00

Ал өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирүүдө. Мекеме бул тууралуу расмий маалымат бере элек.

Матцаков Бишкектин Ленин райондук соту 10-октябрда алты жылга абакка кескен Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, беш жыл эркиндигинен ажыратылган “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун жактоочусу. Үч жылдык пробациялык жаза чегерилген журналисттер Актилек Капаров менен Айке Бейшекееванын да укугун сотто коргойт.

Шерине

XS
SM
MD
LG