Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:31

Германиянын канцлери Шольц Киевге барып, жаңы курал-жабдык убада кылды


Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевге барды. 2-декабрь, 2024-жыл.
Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевге барды. 2-декабрь, 2024-жыл.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Киевге 2-декабрга күтүүсүздөн барып, Украинага ушул айда эле жүз миллиондогон евролук жаңы курал-жабдык жеткирүүнү убада кылды.

Соңку ирет Шольц Киевге 2022-жылы июнь айында Франция, Италия жана Румыниянын лидерлери менен барган.

X социалдык түйүнүнө жазган билдирүүсүндө Шольц: "Германия Украинанын Европадагы эң ишенимдүү тарапташы бойдон калат. Президент Зеленский менен жолукканда мен 650 миллион евролук кошумча курал-жабдыкты декабрь айында жеткире турганыбызды жарыялайм", - деди.

Буга чейин Зеленский Шольцтун өткөн айда Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн сынга алып, "Пандора кутусун" ачты деп ачык айыптаган.

Шольц - Украинанын НАТОго болочок мүчөлүгү боюнча өтө кылдат караган лидерлердин бири.

2024-жылы ноябрь айында Олаф Шольц Путин менен телефондон сүйлөшкөн. Андан кийин Германиянын канцлери орус президентинин согуш боюнча көз карашы өзгөрбөгөнүн жана бул жаман кабар экенин айткан.

Германиянын министрлер кабинети билдиргендей, Шольц сүйлөшүү маалында "Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушун айыптап, Путинди армиясын чыгарып кетүүгө чакырып", "Украинага канча керек болсо, ошончо кынтыксыз колдоо көрсөтөрүн" айткан.

Ал эми Кремль өз кезегинде Путин менен Шольц Украина боюнча "ачык жана кеңири пикир алмашканын" кабарлаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG