Оштогу сел: УКМК муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы кармалганын билдирди

УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ош шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Алтынбек Пирматовду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыптап, кармаганын билдирди.

Мекеменин 2-декабрдагы маалыматына ылайык, буга чейин Ош шаарындагы Туран кичи районунда сел суусу агып түшчү каналга бөлүнгөн 2,2 гектар жерди Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Шга мыйзамсыз берүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө Пирматов мэриянын шаар куруу жана муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турганда Ош шаардык кеңешинин мурдагы депутаты И.А.Шга сел сууларын агызуучу каналдын жер тилкесин жеке менчикке берүү үчүн жасалма аукционду уюштурууга көмөктөшкөнү аныкталган.

Кылмыш ишинин алкагында Пирматов кармалып, тергөө иштерин жүргүзүү үчүн УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган кылмыш иши боюнча Ош шаарынын экс-вице-мэри Ж.М.Азимов, Ош аймактык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын экс-башчысы А.А.Токошев, Ош шаарынын мэриясынын ММБ экс-башчысы А.Э.Семетеев жана "Кадастр" мамлекеттик ишканасынын Ош филиалынын экс-башчысы И.Б.Сансызбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

УКМК ушул эле иш боюнча 25-июлда Ош шаарынын экс-вице-мэри Жасур Азимов, Ош шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ильяс Сансызбаев, Шаар куруу жана архитектура боюнча Ош аймактык башкармалыгынын мурдагы башчысы Алтынбек Токошев жана Муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ашим Семетеев кармалганын билдирген.

Быйыл, 14-июлда катуу жаандан кийин Ак-Буура дарыясы кирген. Кыян жүрүп, Оштогу борбордук базарды, чет жакадагы айылдарды сел каптаган. Беш киши каза болуп, бир нече машинени сел агызып, үйлөр, көпүрөлөр, жолдор жарактан чыккан. Соодагерлер чоң чыгымга учураган. Ошто жана Кара-Суу районунда жүздөгөн турак жайлар зыян тарткан.

Дагы караңыз

Грузияда нааразылык акциялардын төртүнчү түнү уруп-сабоолор менен коштолдуКыргызстандын Адвокатурасы Матцаковдун иши боюнча баш прокурорго кайрылдыИран атомдук программасын мындан ары да кеңейтерин эскертти Румыниядагы шайлоодо социал-демократтар алдыга чыкты