Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:45

Румыниядагы шайлоодо социал-демократтар алдыга чыкты


Румыниянын премьер-министри, Социал-демократиялык партиянын лидери Марчело Чолак.
Румыниянын премьер-министри, Социал-демократиялык партиянын лидери Марчело Чолак.

Румынияда 1-декабрда өткөн парламенттик шайлоодо азыркы премьер-министр Марчело Чолак жетектеген Социал-демократиялык партия алдыга чыкканын алдын ала маалыматтарга таянып Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Бул жолу добуш берүүгө укуктуу 18 миллиондон көп адам 136 сенатор жана 329 депутатты шайлашты. Кийинки орундарды Улуттук либералдык партия, "Румындарды бириктирүү альянсы”, “Румынияны сактап калуу бирикмеси” ээлешти.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 52% катышып, мурдагыларга караганда кыйла жогору көрсөткүч болуп калды. Румынияда бир апта мурда президенттик шайлоонун биринчи айлампасы өткөн. Анда күтүүсүздөн экинчи турга көз карандысыз талапкер Кэлин Жоржеску чыккан.

Маалымат каражаттарында аны орусиячыл деп жазышат. Анткени ал НАТОго каршы туруму менен белгилүү, Орусия менен Кытайга жакын болууну жактайт жана Путинди “патриот” деп атайт. Экинчи орунду “Румынияны куткаруу бирикмесинин” лидери Елена Ласкони ээлеген. 28-ноябрда Конституциялык сот президенттик шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын кайра санап чыгууга Борбордук шайлоо бюросун милдеттендирди. Эгер сот анын жыйынтыгын жокко чыгарса, шайлоону кайра башынан өткөрүүгө туура келет. Шайлоонун экинчи айлампасы азырынча 8-декабрга белгиленген.

Шерине

XS
SM
MD
LG