Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунааларга убактылуу чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Суусамыр – Талас – Тараз жолундагы Өтмөк ашуусунда кар жаап жаткандыгына байланыштуу оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 1-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, 1-декабрь, саат 10:15тен тартып, жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө Сосновка постунан ары өтүүгө уруксат берилбейт.

Мекеме чектөө канча убакытка чейин күчүндө болорун маалымдаган жок.

Кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырган.

Кыргызстандын тоолуу жолдорунда кар жаап, жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу, кырсыктарды алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында маал-маалы менен жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилип турат.(КЕ)

Дагы караңыз

Чуулгандуу видеодон кийин Ноокат райондук милициясына жаңы жетекчи дайындалдыКыргызстандын 1600дөн ашуун жараны чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жататСирия: Өкмөткө каршы куралдуу топ Идлиб провинциясын көзөмөлгө алдыАКШ Грузия менен стратегиялык өнөктөштүгүн токтотту