Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:19

Кыргызстандын 1600дөн ашуун жараны чет өлкөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат


Орусиядагы абактардын бири.
Орусиядагы абактардын бири.

Ушул жылдын 1-ноябрына карата Кыргызстандын 1661 жараны чет өлкөлөрдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 1370и Орусияда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Анын айтымында, быйыл жыл башынан бери Орусияда жаза мөөнөтүп өтөп жаткан Кыргызстандын 90 жараны мекенине которулду. Дагы 57 кишини экстрадициялоо боюнча иш жүрүп жатканы белгилүү болду. Мындан сырткары Тажикстандан бир, Казакстандан тогуз киши Кыргызстанга алып келинген.

Мындан сырткары ар кайсы өлкөдө соттун чечими чыга элек, тергөө изоляторунда отургандар дагы бар. Орусияда алардын саны 830дан ашуун.

"Вагнерчилердин" башчысы Евгений Пригожиндин былтыркы табышмактуу өлүмүнөн кийин Орусиянын Коргоо министрлиги, кийин "Редут" деп аталган жеке менчик компания мигранттарды, абактагыларды Украинадагы согушка салып жатканы маалым болгон. Согушка баргандарга орус паспорту, жакшы акча убада кылган жарнама баракчалар ар бир үйлөргө чейин таратыларын "Азаттык" менен сүйлөшкөн мигранттар айтып беришкен.

“Жарандарыбыз согушка тартылып жаткандыгы тууралуу биздин колубузда факты жок. Бизди согушка азгырып жатат деп расмий кайрылышпайт. Болгону ыкчам байланыш телефондорубузга абакта отурган жарандарыбыздын жакындары тарабынан оозеки кайрылган учурлар бар. Алар боюнча элчилик, консулдуктарыбыз тиешелүү ыкчам иштерди жүргүзүшөт. Ошондой ыкчам аракеттердин аркасынан алгач согушка барууга макул болуп, кийин баш тарткан фактылар да аныкталууда. Ал эми көбү эч кимге, жакындарына да айтпай кетип жатышат”, - деди Жумакадыр уулу.

ТИМдин соңку маалыматына ылайык, Орусияда 334 миңге чукул Кыргыстандын жараны миграциялык каттоодо турат. Былтыр алардын саны 410 миңден көп экени айтылган. Жалпы чет мамлекеттерде жүргөндөрдүн саны 605 миңдин тегерегинде. Мындан сырткары Орусиянын жана башка мамлекеттердин жарандыгын алган кыргыз тектүүлөр дагы бар. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG