Сирияда Башар Асаддын режимине каршы күрөшүп келаткан куралдуу топтор өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясын толугу менен өз көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Reuters өз булактарына таянып билдирди.
Алар Алеппо провинциясынын көпчүлүк бөлүгүнө дагы көзөмөл орноткон.
Сириянын телеканалдарындагы маалыматка ылайык, 30-ноябрга карата куралдуу кагылыштан армиянын 150дөн ашуун жоокери каза болду. 1-декабрдан тартып Алепподо жергиликтүү убакыт боюнча саат 17:00дөн баштап коменданттык саат кирери кабарланды.
Катардын “Аль-Жазира” телеканалы билдиргендей, Алеппонун аэропорту куралдуу топтун көзөмөлүнө өткөн. Бардык каттамдар токтотулуп, шаарга барчу жолдор жабылган.
Сириянын маалымат каражаттары өкмөткө каршы топтор Алеппонун чыгышында жайгашкан, өлкөнүн Аскер-аба күчтөрүнө таандык Кумерайс аэродромун дагы ээлеп алганын билдирүүдө.
Reuters агенттиги эки сириялык армиядагы булактарына таянып, орусиялык жана сириялык авиация 30-ноябрда өкмөткө каршы топтордун Алепподогу позицияларына сокку урганын кабарлады.
Алепподо 2016-жылдан берки эң масштабдуу кармаш болууда.
30-ноябрда Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Иран жана Түркиядагы кесиптештери менен телефондон сүйлөштү. Министрлер Сириядагы абалды стабилдештирүү аракеттерин күчөтүүнү макулдашты.
Шерине