Президент Садыр Жапаров 27-ноябрда иш сапары менен Казакстандын борбору Астана шаарына барды. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы президент Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катыша турганын билдирди.
Быйыл Казакстан ЖККУда төрагалык милдетти аткарып жаткандыктан уюмга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити бул жолу Астанада өтүүдө.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө – Кыргызстан, Армения, Беларус, Казакстан, Орусия жана Тажикстан бар.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян быйыл 12-июнда Армения Жамааттык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгарын жарыялаган. Ал Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу кайталаган. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган. (BTo)
Дагы караңыз
Австралияда баланы TikTok жана башка платформалардан чектөө сунушу колдоо табуудаТокаев Казакстан Орусиянын "ишенимдүү союздашы" экенин айттыОрусияда согушту айыптаганы үчүн соттолгон депутатка жаңы иш козголдуГрузиянын башкаруучу партиясы президенттикке мурдагы футболчуну көрсөтөрүн жарыяладыОрусия германиялык эки кабарчыны өлкөдөн чыгарып жатканын билдирди27-ноябрь: Күйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго кымбаттады, Австралия балдарга соцмедианы чектөөнү көздөйтПрезидент Жапаров авиакомпаниялар ЕБдин “кара тизмесинен” чыгышы мүмкүндүгүн айттыБишкек-Токмок, Бишкек-Кайыңды поезддери каттай баштадыКүйүүчү май жыл башынан бери 3-4 сомго, автогаз 6-7 сомго кымбаттады