Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди

Эрнст Акрамовдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. 27-ноябрь, 2024-жыл.

Медицина илимдеринин доктору, Эл баатыры Эрнст Акрамовдун сөөгү 27-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча көрүстөнүндө жерге берилди. Белгилүү хирург менен коштошуу зыйнаты Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өттү.

Ага Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин вице-спикери Нурланбек Азыгалиев, парламенттин депутаттары жана дарыгерлер менен маркумдун жакындары катышты.

Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнө салган. Ал илимдин 17 докторун жана кандидатын даярдап, 350дөн ашык илимий эмгек жазып, 23 патент алган. Эл аралык бир катар сыйлыктардын ээси. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.

2002-жылдан баштап, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.

Эрнст Акрамов 1936-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. (BTo)

Дагы караңыз

Украина Орусиянын дрон чабуулу уланганын билдирди Бишкектеги “Ай-Пери” бизнес борборун 568 млн сомго сатуу пландалуудаОш шаардык кеңешине Болот Баетов төрага болуп шайландыG7 тышкы иштер министрлери Украинага колдоосун билдириштиРумынияда президенттикке орусиячыл талапкердин ат салышуусуна нааразылык айтылуудаКызыл-Кыяда төрт баланы сабаган 12 өспүрүм кармалдыУлуттук банк эсептик ченди 9% менен калтырдыКыргызстанда жыл башынан бери жол кырсыгынан 640 адам каза болду