Мамбет Мамакеевдин сөөгү “Ата-Бейиттеги” “Баатырлар аллеясында” жерге берилди

Мамбет Мамакеевдин сөөгү “Ата-Бейитте” жерге берилди. 26-ноябрь, 2024-жыл.

26-ноябрда медицина илимдеринин доктору, академик Мамбет Мамакеевдин сөөгү Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексине танапташ жайгашкан Эл баатыры наамын алгандар коюлчу атайын аллеяга жерге берилди. Бул аллея жаңыдан гана негизделди.

Мамакеев менен коштошуу зыйнаты Улуттук хирургия борборунда өттү. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган жетекчилер, медицина кызматкерлери менен маркумдун жакындары катышты.

“Ата-Бейит” - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден-бир көрүстөнү. “Эл душманы” жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Төрөкул Айтматов, Иманалы Айдарбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов баштаган интеллигенциянын 137 өкүлү болгон. Маркумдардын сөөгү 1991-жылы 30-августта жаңы негизделген “Ата Бейит” көрүстөнүнө арууланып кайра коюлган. Эртеси күнү Жогорку Кеңеш Кыргызстандын эгемендигин жарыялаган.

Дагы караңыз “Ата-Бейиттин” тарыхый маңызы терең

Улуттук тарыхый мемориалдык комплекс Бишкектен 30 чакырым жерде Чүйдүн Аламүдүн районунда жайгашкан. Белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун, 2010-жылдагы ыңкылапта курман болгондордун сөөгү да “Ата-Бейитте” жерге берилген.

Мамбет Мамакеев 24-ноябрда 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Белгилүү хирург, коомдук ишмер Мамакеев 2020-жылы дүйнөдө өз кесибинде эң узак иштеген адис катары рекорд коюп, Гиннестин рекорддор китебинин дипломун алган. 2020-жылдын 29-февралындагы эсеп боюнча анын хирургдук карьерасы 67 жыл 181 күндү түзгөн.

Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Кереге-Таш айылында туулган. Иш тажрыйбасында 30 миңдей операция жасаган.

Мамакеевдин аты Кыргызстандын Улуттук хирургия борборуна берилген. Ага 2004-жылы “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамы ыйгарылган. (BTo)

Дагы караңыз

Жоомарт Карабаевдин соту 28-ноябрга жылдыБишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралуудаАбакта Рамзан Кадыровдун уулунун зомбулугуна кабылган жаран 13,5 жылга соттолдуЛитвада жүк ташуучу учактын кыйрашы саботажга күмөн жараттыИздөөгө алынган мурдагы милиция кызматкери Абдисатар уулу ИИМге өзү барганын айттыБаткендин тургуну Тажикстанга өтүп кеткен малын кайтара албай жататМыйзам долбоору: Жалган жалаа үчүн салына турган айып азайтылдыПакистанда полицияга коркунуч жараткан митингчилерге ок атууга уруксат берилдиЭл баатыры Эрнст Акрамов дүйнө салды