Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:40

Абакта Рамзан Кадыровдун уулунун зомбулугуна кабылган жаран 13,5 жылга соттолду


Никита Журавель.
Никита Журавель.

Орусияда абакта Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун өспүрүм баласынын ур-токмогуна кабылган, укук коргоочулар саясий туткун деп жарыялаган 20 жаштагы Никита Журавель дагы 13,5 жылга эркинен ажыратылды. Волгоград облустук сотунда анын иши өтө тез каралды, териштирүү 14-ноябрда башталып, өкүм 25-ноябрда чыкты.

Журавель мамлекетке чыккынчылык кылуу тууралуу берененин негизинде айыптуу деп табылды, сот ал "өз ыктыяры боюнча Украинанын атайын кызматынын өкүлдөрү менен кызматташкан, аларга орус аскердик техникасын телефонуна видеого тартып жөнөткөн" деп билдирди.

Буга чейин Журавель ээнбаштык тууралуу берене менен Чеченстанда 3,5 жылга соттолгон. Буга анын 2023-жылдын 19-майында Волгоград шаарында Куран китепти өрттөп, видеого тартып, социалдык түйүндөргө жарыялаганы себеп болгон. Сот отурумунда Журавель мусулмандардан кечирим сурап, алар үчүн ыйык китепти өрттөгөнү үчүн күнөөсүн моюнуна аларын, бирок одоно тартип бузуу ниети болбогонун айткан. Козголгон кылмыш ишин Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин Чеченстанга өткөрүп берип, муну "аймактын көпчүлүк тургундары өзүлөрүн жабыркаган тарап деп сезип жатышканы" менен түшүндүргөн.

Грозный шаарынын тергөө абагында Журавель Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 15 жаштагы уулу Адам Кадыровдун ур-токмогуна кабылган. Рамзан Кадыров өзүнүн Telegram каналына окуянын видеосун жарыялаган, кийин ал уулуна Чеченстандын баатыры деген наам ыйгарып, Журавелди "өлтүрүп койсо деле жакшы болмогун" айткан.

Журавель абакта сабалган видео коомчулукта кызуу талкуу жараткан, бирок күч органдары эч кандай реакция жасаган эмес, тергөө абагына башка адам кандайча кирип, камактагы кишиге кол салганы боюнча да түшүндүрмө берилген эмес.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ага бул окуяга байланыштуу суроо бербөөнү өтүнгөн.

"Мемориал" укук коргоо уюму Журавелди саясий туткун деп тааныган, анын Грозныйдын абагында зомбулукка кабылышын айыптаган, Курандын өрттөлүшүнө байланыштуу тагылган айыптын чоо-жайы күмөн жаратарын билдирген, Волгограддагы иш боюнча териштирүү таптакыр башка аймакта - Чеченстанда жүргүзүлгөнүн сындаган. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG