Медицина илимдеринин доктору, Эл баатыры Эрнст Акрамов 26-ноябрда Бишкекте 89 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Акрамов белгилүү хирург, медицина илиминин доктору, профессор. Эл аралык бир катар сыйлыктарды алган. 1989-1992-жылдары СССРдин эл депутаты болгон. 2000-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланып, бирок мандатынан баш тарткан.
2002-жылдан тартып, Саламаттык сактоо министрлигинин реконструкция-калыбына келтирүү хирургиясы илимий борборунун директору болуп эмгектенген. Кыргыз-орус славян университетинин госпиталдык хирургия кафедрасынын профессору. 2007-жылы Жогорку Кеңештин 4-чакырылышына депутат болгон.
Эрнст Акрамов 1936-жылы Фрунзе шаарында төрөлгөн. (BTo)
Дагы караңыз
Шерине