Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Бишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралууда


Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкек. Иллюстрациялык сүрөт.

Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги Бишкек шаарындагы көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңы, көп батирлүү үйлөрдү куруу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.

Бул тууралуу аталган агенттиктин башчысы Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди. Ал "сталинка, хрущевка" деген сериядагы көп кабаттуу үйлөрдүн турак жай аянты аздыгын белгиледи:

"Сталин, Хрущев убагында курулган үйлөр көп. Алардагы болжолдуу 500 батири бар үй бир нече гектар жерди ээлеп, 10 миң чарчы метрдей гана турак жайды түзүп жаткан болсо, азыркы жаңы технологиялар менен заман талабына ылайык, ошол эле жерге 100 миң чарчы метрлик, көп батирди курууга болот. Бул жөнөкөй тил менен айтканда реновация деп аталат".

Курулуш, архитектура, турак жай жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин төрагасы эң ириде пайдубалы жок тургузулган үйлөр сүрдүрүлөрүн кошумчалады.

"Биз көп кабаттуу үй куруу боюнча америкалык заманбап программа сатып алдык. Реновация программасына инвестиция тартылат жана мамлекеттик бюджеттен акча салынат. Мисалы, инвестор бул программанын алкагында жер тилкесин сатып алууну кааласа, тиешелүү органдарга кайрылат жана ага уруксат алат. Андан кийин сүрдүрүлүүчү үйдүн тургундарына барып, алар менен сүйлөшөт. Ал батирлерди базар баасында сатып алат же башка жолдорун таап сүйлөшөт. Аягында эски үйдү сүрүп, ордуна жаңысын тургузат".

Орунтаев программа качан ишке кирерин, ал кайсы мыйзамдын негизинде иш алып барарын ачыктаган жок.


Расмий маалыматтарга караганда, союз убагында Бишкекте 1500ден ашуун көп кабаттуу үй курулуп, пайдаланууга берилген. Алардын пайдалануу мөөнөтү 50-70 жылга эсептелген.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG