26-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаевдин иши боюнча соттук отурум болбой калды. “Кылым шамы” укук коргоо уюму мамлекеттик айыптоочу эмгек өргүүсүндө болгондуктан, анын ордуна башка прокурор келгенин билдирди. Ал иш менен таанышып чыгуу үчүн убакыт сурап, кийинки жараян 28-ноябрга дайындалды.
Бул жолку соттук жараянда лингвист-эксперттер Таалайбек Абдыкожоев менен Нурлан Сакпаев көрсөтмө берет деп күтүлүп жаткан.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жоомарт Карабаевди 2-июлда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренеси менен айып коюлганы кабарланган. 31-октябрда аны Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон.
Анын иши 8-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда карала баштаган. Жоомарт Карабаев коюлган айыптарды четке кагып келет.
Жоомарт Карабаев мурдараак Улуттук илимдер академиясынын адистери кылмыш иштери боюнча экспертизаларды УКМКнын, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) кызматкерлеринин көрсөтмөсү менен жазарын айтып чыккан. Экспертизаны тиешелүү сертификаттары жок кызматкерлер жасай турганын билдирген.
Ал Фейсбукка бийликти сындаган пикирлерин жазып турган. Анын айткандарына атайын кызмат жана башка бийлик органдары комментарий берген эмес. (BTo)
Дагы караңыз
Бишкекте көп кабаттуу эски үйлөрдүн ордуна жаңысын куруу каралуудаАКШ Украинага Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бергенин ырастадыИИМ үй-бүлөлүк зомбулук фактылары 37% көбөйгөнүн билдирдиБишкекте автобус жол кырсыгына кабылып, сегиз адам жаракат алдыСадыр Жапаровдун Германияга расмий сапары башталдыУлуттук банк валюта базарына 92 миллион 250 миң доллар саттыБелгилүү хирург Эрнст Акрамов дүйнө салдыБеларус: "Эркин Европа/Азаттыктын" кабарчысы камалганына үч жыл болду