Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:56

Бишкекте автобус жол кырсыгына кабылып, сегиз адам жаракат алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаарынын мэриясы 26-ноябрда Барпы Алыкулов жана Жайыл Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Mercedes-Benz автоунаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөнүн билдирди.

Жол кырсыгынан автобустун беш жүргүнчүсү, жеңил машинедеги үч адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Мэриянын алдын ала маалыматына ылайык, жол эрежесин Mercedes-Benz автоунаасынын айдоочусу бузган.

Бишкекте ушул жылдын сегиз айында автобустар катышкан 231 жол кырсыгы катталган. Анын 109 учурунда автобустун айдоочулары күнөөлүү болгон. Бүгүнкү күнү шаарда каттамга 1200дөн ашуун автобус чыгып жатат.

Ал эми Кыргызстанда 2024-жылдын 9 айында 5 049 жол кырсыгы катталып, андан 505 адам каза болду. Дагы 7 408 киши ар кандай жаракат алды. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG