Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канатбек Исаев кармалды

Канатбек Исаев. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаев кармалганы белгилүү болду. Бул тууралуу саясатчынын адвокаты Бакыт Осмоналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын сөзүнө караганда, Канатбек Исаевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери 20-ноябрда кармаган. 22-ноябрда сотто бөгөт чарасы каралат деп күтүлүп жатат.

Ал саясатчы кайсы иш менен кармалганы жана кайсы берене менен айып коюлганы азырынча белгисиз экенин айтты. Атайын кызмат Канатбек Исаевдин иши тууралуу комментарий бере элек.

Канатбек Исаев Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалган саясатчы жана активисттер менен чогуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган. Райондук сот ал 2017-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганын билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-январда саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүп, аны үй камагына чыгарган.

УКМК 2017-жылы Канатбек Исаевди “мамлекетте төңкөрүш уюштурууга аракет кылган” деген шек менен кармаган. Ушул иштин алкагында ал УКМКнын тергөө абагында дээрлик бир жыл отурган. 2018-жылы 18-июлда Бишкек шаардык соту аны үй камагына чыгарган.

Ал 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин 13-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган. 4-ноябрга чейин спикер болуп иштеп, президенттик шайлоого талапкерлигин койгону үчүн кызматтан кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Зеленский НАТОнун баш катчысы менен согушка аралашкан Түндүк Корея аскерлерин талкууладыОрусияда кыргызстандык жаран терроризмге айыпталып соттолду17 жаштагы Дарьянын өлүмү боюнча ишти прокуратура көзөмөлүнө алдыБишкектин Жал кичи районунда гараждын жерин бошотууда чыр чыктыWSJ: Түндүк Кореянын армия генералы Курскиде жарадар болдуПрезидент прокуратура коррупцияга каршы күрөштү күчөтүшү керектигин айттыКемпир-Абад иши боюнча соттук отурум дагы жылдырылдыАдминистративдик сот "Социал-демократтар" партиясынын арызын четке какты