Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Зеленский НАТОнун баш катчысы менен согушка аралашкан Түндүк Корея аскерлерин талкуулады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский Будапештте өтүп жаткан Европа саясий коомчулугунун (European Political Community) жыйынынын алкагында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте менен жолугуп, Орусиянын Украинага каршы согушуна тартылган Түндүк Корея аскерлерин талкуулашты.

"Согуш майданындагы кырдаал жөнүндө, айрыкча Украинага каршы орус агрессиясына катыштыгы бар Түндүк Кореянын аскерлери жөнүндө кеп кылдык. Орус-украин согушундагы Түндүк Кореянын жаңы ролуна Батыш чечкиндүү реакция жасашы керек", - деп жазды Зеленский өзүнүн Телеграм каналына.

"Свобода" радиосу Европа лидерлеринин жыйынында НАТОнун баш катчысы Марк Рютте Орусия менен Түндүк Кореянын аскердик кызматташтыгы бир эле Европа үчүн эмес, АКШ үчүн да коркунуч жаратарын айтып, Трамп менен бул маселени талкуулоого даяр экенин билдирди.

Буга чейин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Курск облусуна жайгашып, жакын арада Украинадагы согушка тартылат деп күтүлүп жатканын билдирген. АКШнын мамлекеттик катчысы Орусия Түндүк Кореянын аскерлерине учкучсуз аппараттарды колдонууну үйрөтүп жатканын айткан.

Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат.

XS
SM
MD
LG