Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

Административдик сот "Социал-демократтар" партиясынын арызын четке какты


Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу протокол. 17-ноябрь, 2024-жыл.
Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу протокол. 17-ноябрь, 2024-жыл.

Бишкектин Административдик соту "Социал-демократтар" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Кадыр Атамбаев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, "Социал-демократтар" партиясы Бишкек Административдик сотунун чечими боюнча эми Жогорку сотко арыз жолдойт.

Бишкектин Административдик соту 21-ноябрда "Социал-демократтар" партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) шайлоодон четтетүү тууралуу чечимин жокко чыгаруу тууралуу өтүнүчүн караган. Жыйынтыгында арыз канааттандырылган эмес.

Маалымат боюнча Бишкек шаардык соту комментарий бере элек.

Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду, партиянын мүчөлөрү Ирина Карамушкинаны жана Роза Түрксеверди эки айга камакка алган.

Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Шектүүлөр коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Кыйноолорго каршы улуттук борбор Темирлан Султанбеков милициянын убактылуу кармоочу жайында турганда 16 саат токтоосуз суракка алынганын, “бул процессуалдык жактан мыйзамсыз” деп даттанганын билдирген. Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатат.

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өттү.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG