Путин Украинага "Орешник" ракетасы менен сокку урулганын айтты

Орусиянын президенти Владимир Путин

Путин Украинага каршы орто аралыкка атылуучу ракета колдонулганын, бул америкалык, британиялык алыска атуучу курал менен жасалган соккуга жооп экенин айтты. Ага чейин украин армиясы Орусиядагы аскердик буталарга Британия берген Storm Shadow жана америкалык ATACMS ракеталары менен атканы кабарланган.

Орусия Украинанын аймагына орто аралыкка атылуучу өзөктүк дүрмөтү жок "Орешник" деп аталган баллистикалык ракета менен сокку урду. Бул тууралуу 21-ноябрда орус президенти Владимир Путин билдирди.

"Орусиянын Куралдуу күчтөрү Украинанын коргонуу- өнөр жай комплексине караштуу объектилердин бирине куралдын бир нече түрү менен сокку урду. Күжүрмөн шартта орусиялык орто аралыкка атылуучу эң жаңы ракеталык системаларынын бири сыноодон өткөрүлдү, анда өзөктүк дүрмөтү жок, гипер ылдамдыктагы баллистикалык ракета колдонулду", - деди ал.

Путин Украинанын Днепр шаарынын аймагындагы эң ири жана Советтер Союзунан бери белгилүү болгон, азыркы кезде ракеталык техника жана башка курал-жарак өндүрүлүп жаткан өнөр жай комплекстеринин бирине сокку урулганын айтты.

Айрым эксперттер белгилегендей, Москванын кадимки пилотсуз учактарды эмес кубаттуу ракеталарды колдонгону, Украинанын Орусиянын ичкери аймагына Батыштын узак аралыкка атуучу системалары менен сокку уруу уруксатын алганына жооп болду окшойт.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн командачылыгы жана жергиликтүү бийлик аба соккусунан кеминде эки облус кыйроолорго учураганын билдирди. “21-ноябрдын таңында Орусиянын аскерлери Днепр шаарына (объектилерге жана маанилүү инфраструктурага) ракетанын бир нече түрү менен сокку урду. Асыресе Орусия Федерациясынын Астрахань шаарынан баллистикалык ракета атылган”, - деп айтылат Украинанын Аба күчтөрү жарыялаган постто. Жарылуулар Полтава облусунда да болгону кабарланды.

Украина: Путин тынчтыкка "сүйлөшүүлөр эмес, күч менен гана мажбурлоого болорун" далилдеди

Путиндин жаңы ракета жөнүндөгү билдирүүсүнөн кийин президент Владимир Зеленский Украинанын өнөктөштөрүнө кайрылды.

“Орусиянын Украинага каршы континенттер аралык баллистикалык ракетаны колдонушу бир жыл ичиндеги экинчи эскалация кадамы болуп саналат”, - деп билдирди президент Зеленский 21-ноябрь күнү кечинде.

Ушундайча ал Орусия президенти Путиндин ракетаны колдонуу боюнча жасаган ачык билдирүүлөрүнө комментарий берди. Зеленский Днепрге жасалган ракеталык соккуну "бул согуштун масштабын жана катаалдыгын айкын жана олуттуу жогорулатуу" жана БУУнун Уставын бузуу деп атады.

Зеленскийдин пикиринде, мындай биринчи кадам Украинага каршы агрессия үчүн Түндүк Кореянын аскерлерин тартуу болгон.

"Путин бул эки кадамды тең дүйнөдөгү согушту кеңейтпөөгө чакырган бардык адамдарды этибарга албастан жасады. Ал Кытай, Бразилия, Европа өлкөлөрү, Америка жана дүйнөнүн башка бардык өлкөлөрү эмнеге чакырып жатканына көңүл бурбайт. Путин бул согушту – эч кандай себепсиз согушту баштаган жалгыз адам жана согуш миң күндөн ашык уланышы үчүн бардык аракеттерди жасап жаткан адам", – деп билдирди ал.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги Орусия президентинин жаңы баллистикалык ракетаны колдонуу боюнча билдирүүсүн "кылдаттык менен документтештирди". Бул тууралуу мекеме 21-ноябрда билдирди.

Ведомствонун айтымында, эл аралык укук көз карашынан алганда, бул сүйлөгөн сөзү Украинага каршы агрессия кылмышына жана андан келип чыккан бардык согуштук кылмыштарга "күнөөлүүлүгүн иш жүзүндө моюнга алуу" болуп саналат.

"Биз Путиндин бул жана башка ачык моюнга алууларын аны жана анын шериктерин жоопкерчиликке тартуу үчүн колдонобуз. Адилеттүүлүк сөзсүз болот", - деп кошумчалайт министрлик.

ТИМдин маалымат кызматынын билдирүүсүндө айтылгандай, Орусия президентинин билдирүүсү согушту улантууну каалаган жалгыз Орусия экенин көрсөтүп, Путин согуштун масштабын Иран менен Түндүк Кореянын жардамын тартуу менен кеңейтип жатканын билдирет.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги ошондой эле Украина Орусиянын аймагындагы бардык мыйзамдуу аскердик объектилерге сокку урууга укуктуу экенин баса белгилеген: бул соккулар токтошу үчүн Орусия "агрессияны токтотуп, аскерлерин Украинанын эгемендүү аймагынан чыгарса жетиштүү".

Ыктымал таасири

20-ноябрда орусиялык аскер блогерлери жана "Рейтер" агенттиги өз булагына шилтеме менен Украина Орусиянын Курск аймагына европалык Storm Shadow ракеталарынан 12 чактыны учурганын кабарлашты. Аймактын бир бөлүгүн августтун башында украин аскерлери өз көзөмөлүнө алышкан.

Франция менен Британия биргелешип чыгарган ракеталар 250 километр аралыкка чейин уча алат.

Былтыр майда Британия Украинанын аймагындагы орус аскерлерине туруштук берүү үчүн Storm Shadow канаттуу ракеталарын Киевге берген биринчи өлкө болгон.

The Times гезити өкмөттөгү булакка таянып жазгандай, соңку кабар Storm Shadow системасын колдонуу чектөөлөрү алынган болушу мүмкүн дегенди билдирет.

Британ премьер-министринин расмий өкүлү комментарий берилбей турганын, ал эми Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын басма сөз катчысы эч кандай маалымат ачыкка чыгарылбасын билдирди. Орус тарап бул окуяларга азырынча жооп бере элек.

Буга чейин АКШ президенти Жо Байден Киевге Орусиянын ичкери аймагына сокку уруу үчүн ATACMS ракеталарын колдонууга уруксат бергени маалымдалган. Бирок Ак үй медиадагы бул кабарларды расмий бышыктаган эмес.

Орусиянын Коргоо министрлиги шейшембиге караган түнү чек арадагы Брянск америкалык курал менен аткыланганын билдирген.

Украин армиясы Карачев шаарынын четиндеги курал-жарак кампасы бутага алганын маалымдап, бирок кайсы ракеталар колдонулганын атаган жок.

Москва Украина орус аймагына Батыштын узак аралыкка учуучу куралы менен сокку урса, жаңжал кескин курчуп кетет деп эскертүүдө.

Ансыз да 21-ноябрда Кремль америкалык аскердик жайдын өз чек арасына жакын жерге жайгаштырылышын сындады. Бир апта мурун АКШ Польшанын Балтика деңизинин боюндагы Редзиково шаарында абадан коргонуу күчтөрүнүн жаңы базасын ачкан. Орусия Украинага басып киргенден бери НАТОнун мүчөсү болгон Польша өз коопсуздугун бекемдөөгө аракеттенип келатат.

Андан тышкары АКШ Украинага жөө аскерлерге каршы коюлчу мина жагынан жардам берерин жарыялады. Кошмо Штаттардын коргоо министри Ллойд Остин 20-ноябрда билдиргендей, мындай чечим кабыл алууга Орусиянын согуш тактикасын өзгөрткөнү себеп болду:

"Биз берели деп жаткан минанын качан жарыларын көзөмөлдөп турса болот. Алар Украинада жасалган минага караганда кыйла коопсуз".

Жөө аскерлердин алдына мина коюуга гуманитардык уюмдар каршылыгын билдирет. Алар минанын мындай түрү жайкын тургундардын коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч келтирерин айтышат.

Остин Украина азыркы тапта фронтто орусиялыктардын алдыга жылуу аракетин токтотуш үчүн тийиштүү курал-жаракка муктаж болуп жатканын кошумчалады.