21-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат.
Күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолуу райондорунда карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 4…9
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14
Ысык-Көл облусунда тункүсүн -3…+2, күндүз 3…8
Нарын облусунда түнкүсүн 3…-8, күндүз 0…5
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт, күндүз жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 6…8° жылуу болот.