“Үч чоку” долбоору ишке кирсе, Ысык-Көлдөгү курорттор 850 миң туристти кабыл алат

"Үч чоку" лыжа базасынын долбоору.

Ысык-Көл облусундагы — Жыргалаң, Боз-Учук жана Ак-Булак чокуларын камтыган "Үч чоку" лыжа кластери Кыргызстандын туризмин жана экономикасын өнүктүрүүдө чоң рол ойной турганын президент Садыр Жапаров 18-ноябрда аталган базанын курулушуна арналган кеңешмеде айтты.

Анын айтымында, курулуш чет элдик инвестицияларды тартууга, калкты иш менен камсыздоого жана Кыргызстандын дүйнөлүк туристтик рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөт.

Президенттин сайтына жарыяланган маалыматка караганда, кеңешмеде долбоордун алгачкы этаптарынын жүрүшү жана келечек пландар талкууланды.

Иш-чарада быйылкы иштер тууралуу маалымат берилди. Ага ылайык, лыжа базасы курулуучу жерде тийиштүү объектилерди, жолдорду куруу жана аймакты электр энергиясы менен камсыздоо максатында изилдөө иштери жүргүзүлгөн.

"Үч чоку" долбоорунун биринчи этабында 2030-жылга чейин 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол куруу пландалган. Мейманканалар, ресторандар, этно-шаарчалар жана эс алуу жайларын камтыган комплекстүү инфраструктура түзүлөт.

Курулуш иштери аяктагандан соң 200 чакырым лыжа трассасы даяр болот. Ысык-Көлдөгү курорттор жылына 10 ай иштеп, 850 миң туристти кабыл алат деп күтүлүүдө. Мындан тышкары долбоордун алкагында 4,8 миң жумушчу орун түзүлмөкчү.

“Үч чоку” долбоору Кыргызстанды эл аралык деңгээлдеги тоо лыжа туризминин борборуна айлантууга багытталган.

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров 7-июнда Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасын түзгөн. Ал туризм чөйрөсүндөгү инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү менен алектенери айтылган.

Анын алкагында франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясы Ысык-Көл облусундагы Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокусун камтыган жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассасын курууну пландап жатат. Долбоордун наркы 165 млн евро деп бааланган.

Августта Министрлер кабинети лыжа базасын куруу үчүн Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунан 1624,26 гектар жерди “Кыргыз Куршевель” мамлекеттик ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берген. (ZKo)

Дагы караңыз

ЕБ миссиясы Бишкекте өкмөт менен ВСП+ боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жататВице-спикер Сыдыгалиев Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүүнү сунуштадыЖикчил Абхазиянын башчысы Аслан Бжания отставкага кеттиОрусия: Сахаров борборунун мурдагы директору сыртынан соттолду Новосибирскиде мигранттарга бала бакчада иштөөгө тыюу салындыНоокаттын милициясы курулушка иштеткен жетекчиге нааразы