Казакстанда бир күндө истен жана өрттөн жети баланын өмүрү кыйылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанда бир күндө иске ууланып, өрт кырсыгына кабылып жети бала каза тапкан каргашалуу окуялардын чоо-жайы иликтенип жатат. Бул тууралуу 18-ноябрда "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Костанай облусунун Амангелди районунун Карынсалды айылында 17-ноябрда иске ууланып, бир үй-бүлөдөн төрт кишинин өмүрү кыйылганы, алардын бири 67 жаштагы чоң атасы, калган үчөө 8, 2 жана 1 жашар неберелери экени белгилүү болду. Балдардын ата-энеси жана 4 жашар уулу ооруканага түштү.

Ушул эле күнү Астанада эки кабаттуу менчик үйдө өрт чыгып, төрт баланын өмүрү кыйылган. Өрттөн үйдүн чатыры урап түшкөн. 13, 9, 3 жана 2 жаштагы балдардын сөөгү табылган. Айрым баштапкы маалыматтарга караганда, балдар бир үй-бүлөдөн болчу. "Балдардын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздугу эрежелеринин бузулушу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголду.

Казак басылмаларынын маалыматына караганда, өрт кырсыгы көп катталган аймактардын башында Акмоло, Астана, Жамбыл облустары турат, кырсык көбүнчө жеке сектордогу үйлөрдө катталат. (RK)

Дагы караңыз

Грузин оппозициясы митинг жаңы форматта уланып жатканын билдирдиАт-Башыдагы козголоң: “Качкан элди артынан кууп кырган”Сумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алдыТажик-ооган чек арасында кытайлык жаран каза болду, беш киши жараат алды