ӨКМ өрт коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти күчөтүп, айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо

"Дордой" базарындагы өрттүн кесепети. (архив)

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) базар, соода борборлору жана башка жайларда өрт коопсуздугун сактабаган ишкерлерге айып пулдун өлчөмүн көбөйтүүнү сунуштоодо. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 18-ноябрдагы жыйынында "Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун карады.

Комитетте баяндама жасаган ӨКМ министринин орун басары Урматбек Шамырканов депутаттарга билдиргендей, мыйзам долбоору өрт коопсуздугун камсыздоочу мамлекеттик органдардын ишин жакшыртып, ал эми ишкерлердин өрт коопсуздугун камсыздоодо жоопкерчилигин арттырууга багытталган. Ага ылайык, үч миң кишиден көп иштеген субьектте өрт коопсуздугу сакталбаса 1 млн сомдон жогору, 1 миң кишиден көп субьектте катталса 500 миң сом айып пул салынат.

Айрым депутаттар ишкерлик субьекттерде өрт коопсуздугун сакталбаган учурлар үчүн ишкерлерди бир беткей айыптап, айып пул төлөтүү туура эместигин айтып чыгышты. Мындан кээ бир кызматкерлер коррупциялык аракеттерге барышы ыктымалдыгы айтылды. Депутат Чыңгыз Айдарбеков базарларда өрт чыкканда өчүрүүчү машина өтө албаганы үчүн ага жол берген кызматкерлердин да жоопкерчилигин кароо зарылдыгын эскертти. Спикердин орун басары Улан Примов базарларда өрт чыккан учурда өрт өчүрүүчү унаалардын өтө албай калышына уруксат берген кызматкерлерди да жазалоо зарылдыгын айтты.

"Айып пулду көбөйтүү менен өрт коопсуздугу азаят деп атасыздар. Базарларда өрт чыкканда өчүрүүчү машина кире албаганына ким уруксат берген? Сиздин кызматкерлер. Алардын да жоопкерчилиги каралышы керек. Айып пулду көбөйтүп койсо, өрт кооптуулугу азаят деген формулаңарга макул эмесмин. Айып пулду көбөйтүп коюп, кызматкерлериңиздин коррупциясына чоң жол ачып берип жатасыздар. Бул мыйзам менен өрт чыгышына, чыгымына, кесепетине жол берген кызматкерлердин да жоопкерчилигин көтөрөлү. Өрт чыкканда ким жоопкерчилик тартат десе, кызматкерлериңиз жооп бере албай жатат. Базарларда да биздин жарандар иштейт. Алардын да кызыкчылыгы бар. Өрт коопсуздугуна жооп берүүчү кызматкерлер алдын ала чараларды жакшы көрсө, өрт да чыкпайт", - деди Примов.

Кыргызстандагы "Дордой", "Ош", "Кара-Суу" жана башка базарларда өрттөн соодагерлер миллион сомдогон чыгаша тарткан учурлары катталган. (ZKo)

Дагы караңыз

АКШ Сириядан кыргыз жарандарын мекенине кайтарууга жардамын улантатАкылбек Жапаров өлкө өнүгүүнүн жолуна түштү деп эсептейт“Казак” каймана аты бар Умар Маратов Кыргызстанга алынып келдиСумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алды