ИИМ быйыл 10 айда 75 бала өз жанын кыйганын билдирди

Иллюстрация сүрөт.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев Кыргызстанда 2024-жылдын 10 айында 75 бала өз жанын кыйганын айтты. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда төрт учурга аз. Былтыр 10 айда 79 бала суицид кылган.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин 18-ноябрдагы жыйынында билдирди. Эркебек Аширходжаев балдар үй-бүлөсүндөгү пикир келишпестиктен улам өз жанын кыйган учурлар көп экенин кошумчалады.

Быйыл 31-январда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалганын билдирген. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган. (BTo)

Дагы караңыз

Бишкекте бычакталып каза болгон келиндин күйөөсү камакка алындыДобуш сатып алууга байланыштуу жети кылмыш иши козголдуЭкология министринин орун басары Кумтөр дагы 25-30 жыл иштерин айттыГрузин оппозициясы Тбилисиде жолду тороп, чатырларды тигүүдөЖергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталдыСумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алды