Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгынын бөлүм башчысы Султан Макилов Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо компаниясы башталгандан бери мыйзам бузуу боюнча 96 маалымат түшкөнүн билдирди.
“Биринчи радиого” берген маегинде ал мунун ичинен 10 факты боюнча кылмыш иши козголгонун кошумчалады. Жети арыз боюнча добуш сатып алуу, андан тышкары бейбаштыкка байланыштуу да иш ачылган. Султан Макилов бул кайсы партиялардын талапкерлерине тиешелүү экенин тактаган жок.
17-ноябрда Кыргызстанда 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде шайлоо өттү. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер, 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей адам ат салышты.
Бишкектин Свердлов райондук соту 15-ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду жана партиянын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксевер эки айга камаган.
Аларга Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Социал-демократтар муну саясий куугунтук деп баалады.
Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы козголгон кылмыш ишин жана тергөөнүн маалыматтарына таянып Социал-демократтар партиясын Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтеткен. (BTo)
Дагы караңыз
Сумыда Орусиянын чабуулунан 11 адам каза таап, 89 киши жараат алдыЖергиликтүү кеңеш: Ак-Сууда бир шайлоо тилкесинде добуш берүү башталдыМедиа: АКШ Украинага өз куралы менен Орусияга сокку урууга уруксат бердиГрузин оппозициясы Тбилисиде жолду тороп, чатырларды тигүүдө