Вашингтондогу “Демократияны коргоо фондунун” аналитиги Бехнам Бен Талеблу "тышкы саясаттагы айрым маселелерде катаал позицияда турган Рубиону тандоо менен шайланган президент өзүнүн эл аралык чөйрөдөгү көз караштарын бөлүшкөн адамга артыкчылык берүүнү көздөйт, - деп эсептейт.
«Рубио улуттук коопсуздукка байланышкан бир нече негизги маселеде Трамптын идеологиялык жана саясий көз караштарын бөлүшөт. Мисалы улуу державалардын атаандаштыгы, Кытайга жана Иранга туруштук берүү, максималдуу кысым көрсөтүү кампаниясын калыбына келтирүү маселелеринде байкалат, - деп айтты Талеблу “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна.
Өткөн жумада Рубио Советтер Союзу ыдырагандан кийин АКШ үстөмдүк кылып келген заман соңуна чыкканын, "Кансыз согушка" окшогон жаңы доор келгенин айткан. Сенатор Кошмо Штаттар глобалдык милдеттенмелерди алуу менен өз ресурстарын чексиз корото албайт, Вашингтон тышкы саясатында “прагматикалык” болууга тийиш деп кошумчалаган.
Теги кубалык саясатчы үч жолу Флорида штатынан Сенаттын мүчөсү болуп шайланган. 2016-жылы республикачылардын ички шайлоосунда Трампка атаандаш болуп чыккан. Сенаттын Чалгын боюнча жана Тышкы мамилелер комитеттеринде иштеп, эл аралык маселелерде бай тажрыйба топтогон.
Анын талапкерлигин Сенат бекитсе, 53 жаштагы Рубио Мамлекеттик департаментти башкарган алгачкы латын америкалык болуп калмакчы.
Латын Америкасы анын коңүл чордонунда болору калетсиз, бирок АКШнын алдында Кытайдын глобалдык сахнадагы ролунун артып баратканы, Ирандын Жакынкы Чыгышта жараткан коркунучу жана Орусиянын Украинага каршы согушу өңдүү андан да маанилүү, чукул арада чечүүнү талап кылган маселелер турат.
Эң артыкчылыктуу багыт: Кытай
АКШнын аскердик, саясий жана финансылык ресурстарына келгенде, Рубио Кытайга өзгөчө көңүл бурууну жактайт.
“21-кылымдын келечеги Инди-Тынч океан регионундагы окуяларга көз каранды болот деп ойлойм. Кытай бизди Европадагы жаңжалдын сазына батып, жогорудагы аймакта болгон окуяларды көз жаздымда калтырса деп самайт”, - деп Рубио 7-ноябрда билдирген.
Конгресстин жана өкмөттүн Кытай боюнча комиссиясынын теңтөрагасы болгон сенатор Бээжин менен катаал саясат жүргүзүүнү жактайт.
Ал ошондой эле Тайванды курал-жарак менен камсыздоо чараларын жетектеп, Кытайдын аралга чабуулунун алдын алуу үчүн ок-дары жана алдынкы аскердик технологияларды түз жеткирүүгө үндөгөн.
Рубио Бээжинди адам укуктарын бузганы үчүн сындап, кытайлык товарларга тарифтерди киргизүүнү колдойт.
Саясатчы Кытайдын чыгышындагы уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарды эксплуатациялап, өндүрүлгөн товарлардын импортуна тыюу салуу аракетин да көргөн.
НАТО жана Украина
Рубио Орусияга каршы согушуп жаткан Украинанын суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн колдогон билдирүүлөрдү жасап, украиндерди «эр жүрөк жана каарман эл» деп сүрөттөп жүрдү.
2022-жылдын февралында, Орусиянын кол салуусунан кийин дароо Украинанын «коргонуу дараметин бекемдөөнү» жана Москвага санкция салууну көздөгөн Сенаттагы мыйзам долбоорунун авторлорунун бири болгон.
Ошол эле маалда Рубио согуш «туңгуюкка» такалганын жана «аягына чыгыш керектигин» билдирген.
Ал жыл башында Украинага 60 млрд доллар бөлүүнү караган тышкы жардам тууралуу мыйзам долбооруна каршы чыккан бир нече сенатордун бири болчу.
Апрелде ал документ жактырылып, натыйжада АКШнын Украинага берилген жардамынын жалпы эсеби 175 млрд долларды түздү. Ушунча эле жардамды Киевге европалык өлкөлөр биригип бөлгөн.
Рубио ушундай дисбаланска көңүл буруп, Европа өз коопсуздугуна байланышкан маселелерди чечүүдө алдынкы роль ойноого тийиш, ал эми АКШ Кытай менен Инди-Тынч океан аймагындагы тирешине көбүрөк көңүл бурушу керек деген оюн ортого салган.
Өткөн жумада EWTN каналына берген интервьюда Рубио АКШ ар 10 ай сайын Украинага он миллиардаган доллар бөлөт деген “реалдуу эмес” деп айтты.
Саясатчы Орусия АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратат деп эсептегени, Украинанын суверенитетин жана көз карандысыздыгын колдогону менен Киев согушту токтотуу үчүн сүйлөшүүгө көнүүсү керек деп эсептейт. Анын айтымында, көптөгөн жоготууларга карабай, Орусиянын согушту улантуу үчүн абдан көп ресурсу, анын ичинде адамдары менен куралы бар.
Иран
Жакынкы Чыгышка келгенде Рубио Иранга каршы каттуу позицияда турат жана ХАМАС, «Хезболла» өңдүү топторду каржылаганы үчүн Ислам жумуриятынын диниятчылар башкарган өкмөтүн «террордук режим» деп атайт. Эки уюм тең АКШда "кара тизмеге" киргизилген.
Сенатор катары АКШнын президенти Барак Обама 2015-жылы Иран менен түзгөн ядролук келишимди катуу сындаган. Документте Ислам жумурияты атомдук программасын чектейт, бул үчүн санкциялар алынат деп каралган. 2018-жылы Трамп ал эл аралык келишимден чыгып, Тегеранга каршы санкцияларды калыбына келтирген.
Рубио быйыл кол коюлган Иранга каршы жазалоочу чаралар тууралуу үч мыйзам долбоорунун авторлор тобуна кирген. Жоболор ирандык мунайдын экспортуна, адам укуктарын бузганы үчүн Ирандын лидерлерине, ХАМАСты колдогон чет өлкөлүк уюмдар менен өкмөттөргө санкция салууга жол ачат.
Былтыр октябрда Иран колдогон ХАМАС Израилге кол салып, аймактык согушту тутанткан жана уруш чөлкөмгө жайылышы мүмкүн деген коркунуч жаралган.
Израилдин активдүү тарапташы болгон Рубио ал өлкөнүн Ирандын коркунучтарынан коргонуу укугун колдойт.
Ооганстан
Рубио «Талибан» кыймылына каршы да өтө катаал позицияда турат. Анын пикиринде, Вашингтон бул ашынган исламчыл топту «террордук уюмдардын» тизмесине кошуусу керек.
Мартта саясатчы «Талибан» башкарган Ооганстанга жардам берүүнү токтотууга үндөгөн мыйзам долбоорун Сенатка сунуш кылган. Рубио ал акчанын бир бөлүгү «террордук топтордун» колуна өтүп кетиши мүмкүн деп санайт.
Сенатта сүйлөгөн сөзүндө ал «Талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстан АКШнын улуттук кызыкчылыктарына жана Жакынкы Чыгыштагы, Борбор Азиядагы өнөктөштөрүнө түздөн түз коркунуч жаратарын» билдирген.