Акылбек Жапаров Асман шаарын курууга акча табылганын айтты

Асман шаарынын долбоору.

Асман шаарынын курулушун долбоорлоого 480 млн доллар каражаттын булагы табылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кеңеште өкмөттүк саат учурунда билдирди. Ал өкмөт тарабынан башка да шаарларды өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүлүп жатканын белгиледи.

Анын сөзүнө караганда, Жалал-Абад шаарына 2,2 млрд сом, Караколго – 2 млрд сом, Кара-Балта, Токмок шаарларына – 1 млрд сомдон, Балыкчы менен Талас шаарларына 300 млн сомдон берилген.

Президент Садыр Жапаров октябрь айында жарлык чыгарып, Министрлер кабинетине келерки жылдын 1-мартына чейин Асман шаарынын курулушунун концепциясын иштеп чыгып, бекитүүнү тапшырган. Анда шаар курулушунда экологиялык коопсуздук маселесин биринчи орунга коюу милдеттендирилген.

Мамлекет башчы быйыл май айында Ысык-Көлдөгү Асман шаарынын курулушу жайында башталарын билдирген.

Кыргызстандын бийлиги Ысык-Көлдүн жээгине экологиялык, заманбап, бардык шарттары бар шаар куруу дымагын 2021-жылы жай айында билдирген. Ошол эле жылы күздө өкмөт Асман шаарын куруу мамлекеттик дирекциясын түзгөн. Былтыр мартта жаңы калаанын курулушун көзөмөлдөө милдети Президенттин иш башкармалыгына өткөн.

Садыр Жапаров 2023-жылы 30-июнда бул шаарды курууну баштоо аземине катышкан. Капсула салынгандан кийин курулуш токтоп калган.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, шаардын курулушунун баасы 20 млрд доллар деп эсептелген. Аны курууга түштүк кореялык компания 1 миллиард доллар инвестиция салууга ынтызарлыгын билдиргени расмий айтылган. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, “Асман” шаары 500 миң кишиге ылайыкталат. (ZKo)

Дагы караңыз

Париж: прокуратура Ле Пенди беш жылга эркинен ажыратууну сурандыТокмоктогу "Радиозавод” комплекси мамлекетке өттүПакистан: Электр жарыгы кымбат, күн панелдерин колдонуу көбөйдүАКШ "купуя маалыматты жарыялаган" кызматкерди камаганы кабарландыИшкер Байболова "Оберон" боюнча Жогорку сотко кайрылды Орусиянын дрон чабуулунан Донецкиде киши өмүрү кыйылды