Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:04

Ишкер Байболова "Оберон" боюнча Жогорку сотко кайрылды


“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.
“Оберон” базары. УКМК тараткан сүрөт.

Ишкер Нуржамал Байболова “Оберон” базарлары боюнча административдик жана шаардык соттун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз жазганын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, отурумдун датасы белгилене элек.

Байболова Конституциялык сотко жана эл аралык сотторго дагы кайрыларын айтты.

Мэриянын кызматкерлери 28-октябрда “Дордой” жана “Орто-Сай” базарларынын “Оберон” ишканасына караган бөлүгүнүн администрациясына барып, Бишкек шаардык сотунун чечими менен аталган базар мэрияга өткөнүн билдирген.

“Оберондун” ээси Нуржамал Байболова Бишкек мэриясы менен соттошуп, эки инстанцияда тең утулуп калганын айткан, соттун чечимдерин акыйкатсыз деп атаган. Мэриянын аракетин менчик укугуна кол салуу деп баалаган.

Ал күйөөсү, мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов ишкер Аскар Салымбеков менен бирге эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында “Дордой” базарын түптөп, кийин 1997-жылдары алар өз үлүшүн бөлүп кеткенин айткан.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 29-октябрда маалымат берип, “Оберон” компаниясы “Дордойдон” 6,42 гектар жана “Орто-Сайдан” 1,68 гектар жер тилкесин мыйзамсыз ээлеп алганы аныкталганын билдирген.

Маалыматка караганда, тергөөдө Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти берилген токтомдорду жараксыз деп табуу үчүн административдик доо берген. Бишкек шаарынын административдик жана шаардык соту жерлерди мэрияга өткөрүп берүү чечимин чыгарган. 3 млрд 889 млн сом болгон жалпы аянты 8,1 гектар жер мамлекетке кайтарылды. “Оберон” базарларынан түшкөн каражат эми Бишкек шаарынын бюджетине которулары айтылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG