Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Токмоктогу "Радиозавод” комплекси мамлекетке өттү


Токмоктогу "Радиозавод" ишканасы. Сүрөт УКМКдан алынды.
Токмоктогу "Радиозавод" ишканасы. Сүрөт УКМКдан алынды.

Токмок шаарындагы "Радиозавод" комплекси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) 14-ноябрда кабарлады. Маалыматка караганда, комплекстин аянты 1 гектар жана баасы 3 млрд сомдон ашуун деп болжолдонууда. Атайын кызмат "Радиозаводдун" имараты мэриянын 2008-жылдагы токтому менен Ы.А.К. аттуу жаранга сатылып, бирок баасын толук төлөбөгөнү аныкталган.

УКМКнын маалыматында сатып алган тарап кепилдик төлөмдүн 808,4 миң сомун жана негизги сумманын 550 миң сомун гана төлөгөнү белгиленген. Калган сумма 7 млн 534 миң сомду түзөт.

"Ага карабастан Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы процессуалдык талаптарды бузуу менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп, "Радиозавод" ишканасын Ы.А.К.нын менчигине мыйзамсыз өткөрүп берген", - деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында Ы.А.К. атуу жаран өз ыктыяры менен "Радиозаводду" Токмок шаардык мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына өткөрүп бергенин атайын кызмат кошумчалады. Эми жаңы шайланган шаардык кеңештин чечими менен объект мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигине өткөрүлүшү керек.

Ушул эле күнү УКМК Бишкек шаарынын "Айкөл" конушундагы мектеп курууга багытталган 111 млн сомдук 0,62 га жер тилкеси мамлекетке кайтарылганын билдирди. Маалыматка караганда, 2008-жылы айрым кызмат адамдары 350 орундуу башталгыч мектеп курууга арналган жер тилкесин жеке менчикке чыгарууга көмөктөшкөнү аныкталган. Андан бери ал бир нече адамга сатылып, кайра каттоо жүргүзүлгөн.

"Айкөл" конушу. УКМКнын сүрөтү.
"Айкөл" конушу. УКМКнын сүрөтү.

Атайын кызмат учурда Бишкек шаарынын калктуу конуштарындагы социалдык жер тилкелерин менчикке мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирүүдө. (КЕ)

Шерине

XS
SM
MD
LG