14-ноябрда саат 4:30 чамасында өздөрүн милиция кызматкерлерибиз деп тааныштырган адамдар Социал - демократтар партиясынын төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, унаага салып алып кетишкен боюнча ата-бала Султанбековдор кайда кармалып турганы белгисиз. Бул тууралуу анын адвокаттарынын бири Айбек Турдуев "Азаттыкка" билдирди.
"Түндө саат 4:30да күчтөп алып кетишкен болсо, мына саат 10:30 болду. Кайда экенин шаардык милиция өзү билбейт. Азыр биз милициянын нөөмөт бөлүмүндө турабыз, алар дагы кайда экенин билбей жатышат", - деди адвокат.
"Социал демократтар" партиясынын төрагасы, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Темирлан Султанбековду атасы менен чогуу, үйү тараптан күчтөп, унаага салып алып кетишкен учурду партиянын дагы бир талапкери Кадыр Атамбаев Фейсбуктагы баракчасында видео аркылуу түз көрсөткөн. Ал муну "мыйзамсыз, киши уурдоо" деп сыпаттаган.
Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун кармалышы тууралуу маалымат бере элек. "Азаттыктын" суроосу азырынча жоопсуз.
13-ноябрь күнү кечинде да Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек милициясына суракка чакырылган. Бир нече саатка созулган сурактан соң, коё берилген.
Бул аралыкта Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана партиянын Роза Турксевер аттуу тарапташы кармалган.
Азырынча Бишкек шаардык милициясы ата-бала Султанбековдордун жана дагы эки адамдын кармалышы, шаршембинин кечинде суракка алынгандар тууралуу толук маалымат бере элек.
13-ноябрдын кечинде Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.
Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Бишкек шаардык милициясы тинтүүдөн мурдараак Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатканын маалымдаган.
Борбордук шайлоо комиссиясы бул окуялар боюнча комментарий кийинчерээк берилерин маалымдоодо.(ZKo)
Дагы караңыз
Кадыр Атамбаев милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин айтып чыктыМилиция добуш сатып алууга шектеп кылмыш ишин козгодуСДнын талапкерлери Атамбаев, Султанбеков сурактан чыкты, эки киши кармалдыМилиция Карамушкина менен Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча кармалганын билдирдиБайден менен Трамп Ак үйдө жолугуштуБашкырстанда сот мектеп мүдүрүн татарлардын тарыхы китеби үчүн айыпка жыкты