Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:04

Милиция Карамушкина менен Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча кармалганын билдирди


Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер. Коллаж.
Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер. Коллаж.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы “Социал-демократтардын” Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер аттуу партиянын тарапташынын кармалышы боюнча комментарий берди.

Шаардык милициянын маалыматына ылайык, 13-ноябрда Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергелип жатат.

Мекеме Роза Турксевер Ирина Карамушкина менен макулдашып, ар бир добуш үчүн 1000 сомдон берүү шарты менен шайлоочулардын добушун сатып алууну уюштурганы аныкталганын билдирүүдө.

“Социал-демократтар” саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабын тинтүүдө Т.Р. аттуу жаран шайлоочулардын добуштарын сатып алуу үчүн 15 000 сомдон 30 000 сомго чейинки каражатты 40тан ашык адамга бөлүштүрүү жөнүндө тизмеси жана процессуалдык тартипте алынган 28 300 сом суммадагы акчаны жок кылууга аракет кылган”, - деп айтылат маалыматта.

Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер 14-ноябрга караган түнү кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Кылмыш ишин козгоого негиз болгон социалдык тармактарга тараган аудиодо шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сөз болуп жатканы угулат. Анда Данияр Чолпонбаев аттуу адам “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер экени жазылган. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы белгисиз

Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында “Социал-демократтар” партиясынын 39 талапкеринин ичинде Данияр Чолпонбаев жок. Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон.

Ирина Карамушкина шаардык милицияга суракка кирер алдында берген комментарийинде добуш сатып алуу боюнча айыптарды четке каккан.

13-ноябрда “Социал-демократтар” партиясынын Бишкек шаарындагы штабында укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөн. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, партиядан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкер Кадыр Атамбаев менен партиянын лидери Темирлан Султанбеков Бишкек милициясындагы бир нече саатка созулган сурактан кийин 14-ноябрга караган түнү чыкты. Темирлан Султанбеков партиялаштарынын кармалышын мыйзам бузуу деп атады.

Боршайком “Социал-демократтар” партиясынын айланасындагы акыркы окуяларга комментарий бере элек.

17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. “Социал-демократтар” партиясы Бишкек шаардык кеңешине жана башка аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда.

Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG