Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:56

Милиция добуш сатып алууга шектеп кылмыш ишин козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын (ШИИБ) Тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 196- беренесинин 1- бөлүгүнө (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) ылайык кылмыш ишин козгоду.

ШИИБдин басма сөз кызматы маалымдагандай, тергөөнүн жүрүшүндө И.Н., аттуу жаран "Адилет" саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер А.И., 113 шайлоочуга добуш сатып алуу үчүн 55 500 сом суммасында акча бергени, ошондой эле 1000 сомдон 2000 сомго чейин 17 жаранга М-банкка которгону аныкталган.

"Көрсөтүлгөн жагдайлар И.Н. жана "Адилет"саясий партиясынын шайлоо алдындагы штабынын жашаган жерин тинтүү учурунда алынган документтер менен тастыкталды", деп билдирди милиция.

Маалыматка ылайык, талапкер И.Н., Кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык ("Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу") кылмышка шектелүүдө. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы, бардык катышкан адамдардын аракеттерине юридикалык баа берилери кошумчаланды.

Шайлоочулардын добушун сатып алуу беренеси менен Бишкек ШИИБнин Тергөө кызматы 13-ноябрда Социал-демократтар партиясынын шайлоо штабынын жетекчиси Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген видео боюнча кылмыш ишин козгогон. Партиянын шайлоо штабында тинтүү жүргүзүлүп, штаб башчысы Ирина Карамушкина, Бишкек шаар кеңешине талапкерлер Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев жана дагы бир нече адам суракка чакырылган. Бир нече сааттык сурактан соң, Темирлан Султанбеков, Кадыр Атамбаев кое берилген. Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер аттуу адамдар кармалганы кабарланган. 14-ноябрда, таңкы саат 4:30да милиция кызматкерлери Темирлан Султанбековдун үйүнө барып, атасы менен чогуу Бишкек ШИИБна күчтөп алып кетишкенин Кадыр Атамбаев кабарлаган.

Бишкек шаардык милициясы кармалган адамдар тууралуу маалымат бере элек.

Бул окуяларга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы да азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG