Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун мурдагы коомдук башталыштагы жардамчысы Айдар Халиковдун сөздөрүнө комментарий берди.
Ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган видеодо 2020-жылдан кийин Садыр Жапаров Айдар Халиковду коомдук башталыштагы жардамчысы кылып дайындаганы, бирок ал кийин мыйзамсыз иштер менен алектенип, Өзбекстандан аткезчилик менен курулуш материалдарын ташыганы аныкталганы айтылат.
“Айдар Халиков күбөлүктү алган күндөн тартып эле алыскы айыл өкмөттөргө, акимдерге кирип, бирөөлөрдүн жумушун бүтүрүп берип жүргөн. Акыркы жылдары Өзбекстандан аткезчилик менен курулуш материалдарды ташып калган. Бир канча мекемеге барып, “мен президенттин жардамчысымын” деп үстөмдүк кылган”, - деди ал.
Орунбеков Халиковду камоо тууралуу буйрук берилгенин, ал быйыл август айында өлкөдөн чыгып кеткенин кошумчалады.
Кыргызстандан чыгарылган журналист Болот Темиров 13-ноябрда Айдар Халиков менен уюштурган маегин жарыялаган. Анда ал Өзбекстандан көчүп келген этностук кыргыз экенин, 2013-жылы кыргыз жарандыгын алганын айткан. Халиков президент Жапаров жана Орунбеков социалдык тармактарда бийликке каршы пикирин жазгандарды жаманатты кылган билдирүүлөрдү жарыялоого мажбурлаганын айтып, ага каршы болгонун кошумчалаган.
“Мен андай жалаага акыретте жооп беришим керек да. Эгерде күрөш ачык болсо, мен президентти же башканы коргоп күрөшө берем. Туура жолдо кетип жаткан болсо. Биринчиден, туура эмес жолдо баратса, экинчиден, мен чындыкты айтып жаткандарды андай кылыштан корком”, - деди ал.
Бул маек боюнча президент Жапаров комментарий бере элек. Мамлекет башчы коомдук башталыштагы бардык жардамчылары менен кеңешчилерин быйыл сентябрда бошоткон. Бул чечим Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруу системасын өркүндөтүүнүн алкагында кабыл алынганын кабарланган. (BTo)
Дагы караңыз
Кадыр Атамбаев милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин айтып чыктыМилиция Карамушкина менен Турксевер добуш сатып алуу иши боюнча кармалганын билдирдиБайден менен Трамп Ак үйдө жолугуштуСанарип министрлиги интернеттин үзгүлтүккө учурашынын себебин түшүндүрдү13-ноябрь: “Социал-демократтардын” талапкерлери сурак берүүдө, Киевге бомбалоочу учактар чабуул койду Социал-демократтардын штаб башчысынын сүйлөшүүсү делген видео боюнча иш козголду Башкырстанда сот мектеп мүдүрүн татарлардын тарыхы китеби үчүн айыпка жыкты