Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаттыгына талапкерлер мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев менен Темирлан Султанбеков Бишкек милициясындагы бир нече саатка созулган сурактан 14-ноябрга караган түнү чыкты.
Партиянын төрагасы Султанбеков сурактан чыккандан кийинки билдирүүсүндө Социал-демократтардын Бишкек шаардык кеңешине шайлоодогу штаб башчысы Ирина Карамушкина жана Роза Турксевер аттуу партиянын тарапташы кармалганын айтты.
“Ирина Юрьевна Карамушкина, Түрксевер Роза Турсуновна камалышты. Кармалышты. Биз муну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын одоно бузуу деп эсептейбиз. Бул шайлоону жокко чыгаруу, муунтуу аракети деп санайбыз. Бүтүндөй өлкө, калаа ким шайлоого таза баратканын, кайсы партиянын үй комитеттери, квартал башчылары жок экенин баары даана, так билишет. Кайсы партия акча таратарын, кайсы партия таратпастыгын билишет. Ошондуктан кудайга койдук. Биз бул айыптоолорго такыр макул эмеспиз”, - деди Султанбеков.
Азырынча Бишкек шаардык милициясы эки адамдын кармалышы жана шаршембинин кечинде суракка алынгандар тууралуу толук маалымат бере элек.
13-ноябрдын кечинде Социал-демократтар партиясынын Бишкек шаарындагы шайлоо штабына укук коргоо органдары тинтүү жүргүзгөнү барган. Бул тууралуу Кадырбек Атамбаев кабарлап, тинтүү тууралуу Фейсбуктагы баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Тинтүүдөн кийин партиянын бир нече мүчөсү милицияга жеткирилген.
Бул окуяны улай Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы Ирина Карамушкина менен Данияр Чолпонбаев аттуу жарандын телефондон сүйлөшүүсү делген аудио боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.
Шаардык милициянын маалыматына караганда, Кылмыш-жаза кодексинин “шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси менен иш ачылып, териштирүү иштери жүрүп жатат.
Социалдык тармактарга тараган бул аудиодо шайлоо иштеринин жүрүшү жана үгүтчүлөргө бөлүнө турган каражат тууралуу сөз болуп жатканы угулат. Анда Чолпонбаев Социал-демократтар партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер экени жазылган. Аудио жазуу качан, кайда жаздырылганы жана аны ким жарыялаганы белгисиз
Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтында Социал-демократтар партиясынын 39 талапкеринин ичинде Данияр Чолпонбаев жок. Ирина Карамушкина Жогорку Кеңештин VI чакырылышында КСДП партиясынан депутат болгон.
Азырынча бул иш боюнча БШК комментарий бере элек.
Социал-демократтар партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков суракка алынып кетер алдында Инстаграмдагы баракчасында тинтүүнүн жүрүшүн сырттан тартып көрсөттү. Ал муну "саясий басым" катары баалап, президент Садыр Жапаровго кайрылды.
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Социал-демократтар партиясы Бишкек шаардык кеңешине жана башка аймактарда жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууда.
Аймактык реформанын негизинде Кыргызстанда айыл-кыштактар ирилешип, жергиликтүү кеңештер мөөнөтүнөн мурда тарап, кайра шайлоо белгиленген. (AiB/EzK/KKs)
Дагы караңыз
Бишкекте "Социал-демократтар" партиясынын штабында тинтүү жүрүп жатканы кабарландыСоциал-демократтардын штаб башчысынын сүйлөшүүсү делген видео боюнча иш козголду Башкырстанда сот мектеп мүдүрүн татарлардын тарыхы китеби үчүн айыпка жыкты Ооганстанда талибдер эл алдында кишини дарга асты Нетаньяху ирандыктарга кайрылуу жасадыЭл аралык уюмдар Газага жеткирилген гумжардам боюнча Израилди сынга алды Райымбек Матраимов эки күн мурда тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду