Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:20

Эл аралык уюмдар Газага жеткирилген гумжардам боюнча Израилди сынга алды


Айт майрамынын алдында тамак үчүн кезекке турган палестиндер. Хан-Юнис шаары. 15-июнь, 2024-жыл.
Айт майрамынын алдында тамак үчүн кезекке турган палестиндер. Хан-Юнис шаары. 15-июнь, 2024-жыл.

Сегиз эл аралык уюм билдиргендей, Израил Газага гуманитардык жардам киргизүү жолдорун кеңейтүү боюнча Кошмо Штаттардын талабын аткарган жок.

Адистер Газанын түндүгүндө ачарчылык башталып кетиши мүмкүн экенин эскертип жатышат.

Өткөн айда Вашингтон Израилден 30 күн ичинде анклавга киргизиле турган гуманитардык жардамдын көлөмүн көбөйтүүнү талап кылып, болбосо аскердик колдоо көрсөтүүнү кыскарткан мыйзамдар кабыл алынарын эскерткен.

12-ноябрда АКШ президенти Жо Байдендин администрациясы Израилге курал-жабдык жеткирүүнү чектебестигин билдирди. Алардын жүйөсүнө караганда, Тель-Авив Газага анча-мынча болсо да гуманитардык жардамды киргизүү жолдорун кеңейтти.

11-ноябрда Израил Газадагы "гуманитардык зонаны" кеңейтерин, ал жерге көбүрөөк чатыр тигүүгө, азык-түлүк жана медицина каражаттарын алып кирүүгө уруксат берилерин билдирген.

Учурда ЦАХАЛ (Израилдин Коргонуу армиясы) Газада АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС уюмуна каршы согуштук аракеттерди жүргүзүп жатат.

Соңку бир суткада эле Израил армиясынын аба соккуларынан тилкеде 50дөй кишинин өмүрү кыйылды. Аймактын Саламаттык сактоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, бир жылдан ашуун убакыттан бери Газада жалпы 43 миңден көп адам набыт болду.

Газадагы согуштун тутанышына "хамасчылардын" Израилдин конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини өлтүрүп, 250дөй адамды барымтага алып кетиши түрткү болгон.

Шерине

XS
SM
MD
LG