Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:16

Ооганстанда талибдер эл алдында кишини дарга асты


"Талибан" кыймылынын куралдуу өкүлү. 18-апрель, 2015-жыл. Газни провинциясы.
"Талибан" кыймылынын куралдуу өкүлү. 18-апрель, 2015-жыл. Газни провинциясы.

Ооганстандын Пактия провинциясынын Гардез шаарында киши өлтүрүүгө айыпталган адамды эл алдында дарга асышты. "Азаттыктын" ооган кызматы жеринде жүргөн France Presse агенттигинин кабарчысына шилтеме берип жазгандай, 13-ноябрда стадионго жыйналган миңдеген адамдын көзүнчө соттолгон кишинин көкүрөгүнө үч жолу тапанча менен атышкан. Өлүм жазасын жабырлануучу тараптын өкүлү ишке ашырган.

Ооганстандын башында турган "Талибан" өкмөтүнүн Жогорку соту маркум шариятка ылайык, өз жасаган күнөөсүнө жараша жазаланганын билдирди. Өкүмдү "Талибандын" лидери Хабатулла Ахундзада бекиткен.

Ал эми дарга асуу жараянына талибдер дайындаган ички иштер министри Сиражуддин Хаккани да катышты.

Бийликке 2021-жылы кайткан талибдер шариятка шылтоолоп өлкөдө бир катар катаал эрежелерди орнотууга жетишти. Өзгөчө аялдарга карата бир топ чектөөлөр киргизилди. Андан тышкары талибдер 1996-2001-жылдары бийликте турганда кеңири жайылган эл алдында дарга асуу тажрыйбасы да кайра жанданды.

Соңку үч жылда алты адам эл алдында дарга асылганы белгилүү. Анын баары эл аралык коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Шерине

XS
SM
MD
LG