Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:21

Райымбек Матраимов эки күн мурда тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду


Райымбек Матраимов. УКМК тараткан сүрөт.
Райымбек Матраимов. УКМК тараткан сүрөт.

Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан чыгарылды.

Биринчи май райондук соту Матраимовдун иши 11-ноябрда каралып, жогоркудай чечим чыкканын 13-ноябрда билдирди. Маалыматка караганда, сотто Матраимовду абактан чыгаруу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган.

“Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2024-жылдын 11-ноябрындагы токтому менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчү канааттандырылган”, - деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Райымбек Матраимов быйыл 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Ал ошондон бери УКМКнын тергөө абагында болчу.

Матраимовго Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголгон.

27-мартта Биринчи май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган.

2021-жылы УКМК аны коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди (Камчыбек Асанбек) “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG