Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху 12-ноябрда ирандыктарга кайрылуу жасады. Анын англисче видео кайрылуусу перс тилине которулуп таратылды.
Нетаньяху Израилге кайра чабуул койсо, Ирандын экономикасы оор кесепетке кептелерин айтты. Кол салуу үчүн коротулган миллиарддаган долларларды карапайым ирандыктардын жашоосун жакшыртуу үчүн коротууга Тегеранды чакырды.
Иран 1-октябрда Израилге жасаган чабуулуна 2,3 миллиард доллар сарптап, ал текке кеткенин кошумчалады.
Нетаньяху Иран бийлиги "Израилди жок кылууну" эңсеп келерин, бирок өз элинен көбүрөөк коркорун айтты.
Расмий Тегеран видеокайрылууга комментарий берген жок.
1-октябрда Иран Израилди 180ге чукул баллистиккалык ракета менен аткылаган. 26-октябрда Израил Иранга сокку урган.
Тегеран Газадагы ХАМАС (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп таанылган) радикал тобуна жана Ливандагы “Хезболла” кыймылына каршы ЦАХАЛдын аскердик операциясы үчүн Израилге сокку урганын билдирген.
«Хезболланы» АКШ террордук уюм деп тааныган, Европа Биримдиги анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун “кара тизмеге” киргизген. Ливандын парламентинде “Хезболланын” саясий партиясынын депутаттары бар.
Дагы караңыз
Райымбек Матраимов эки күн мурда тергөө абагынан чыкканы белгилүү болду Быйыл кызамыкка 13 475 адам чалдыкты, үч бала чарчап калдыЭл аралык уюмдар Газага жеткирилген гумжардам боюнча Израилди сынга алды